Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаевди сотко алып келишти

Мурдагы президент ден-соолугуна карабай Биринчи май райондук сотуна келди

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Биринчи май райондук сотуна алып келишти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

- СИЗОго кармалгандан баштап эле анын кан басымы улам түшүп, сотко ушундан улам катыша албай жатты, - деди ал. -Бирок, Алмазбек Шаршенович бүгүн ден-соолугуна карабай сотко келди.

Эске салсак, буга чейин анын жактоочусу Атамбаев Кой-Таштагы окуялар боюнча соттук отурумга өзүн начар сезип жатканынан улам катыша албай турганын билдирген.

Кийинчерээк УКМК Алмазбек Атамбаев сотко катышуудан өзү баш тартып арыз жазганын расмий билдирген.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх