Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Мага кабатыр болбоңуздар”. Алмазбек Атамбаев жалпы элге салам айтты

Кой-Таш окуялары боюнча сот 6-майга жылдырылды

Кой-Таш окуялары боюнча соттук отурум 6-майга жылдырылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында сот жактоочу Замир Жоошев и Бакыт Афтандил уулунун жоктугуна байланыштуу жылдырылды.

- Жактоочулардан Замир Жоошев, Бакыт Афтандил уулу жана экөө келген жок, - деп тактады Жолдубаева. - Кыязы, алар шаардын сыртында жашагандыктан келе алышкан жок го.

Атамбаевди кайра УКМКнын СИЗОсуна алып кетишти.

- Бүгүн Алмазбек Шаршеновичти УКМКнын СИЗОсунун дарыгерлеринин коштоосунда алып келишти, - деп эске салды Жолдубаева. - Азыр кайра алып кетишти. Кан басымы дагы деле төмөн. Ден-соолугу начар экени көрүнүп турат. Бирок, өзүн кайраттуу кармап жатат. Жалпы элине салам айтып, мага кабатыр болбогула деди.

Мындан сырткары, Жолдубаеванын айтымында отурумда прокурор келбеген жактоочуларды жоопкерчиликке тартуу сунуштамасын киргизген. Бирок, сот Бишкектеги өзгөчө абалды эске алып, аны четке каккан.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх