Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку сот Юристанбек Шыгаевден пара доолаган УКМКнын мурдагы кызматкеринин жумшак жазасын күчүндө калтырды

Мурдагы чекист чуулуу окуядан кийин эркиндикте калган

Жогорку соттун коллегиясы Көркөм сүрөт музейинин директору кезинде Юристанбек Шыгаевден 350 миң сом өлчөмүндө пара доолаган УКМКнын А.Н. аттуу кызматкерине карата эки инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу УКМКнын соттук иштер жана актылардын сайтында жарыяланган токтомдо маалымдалды.

Эске салсак, 16-майда Аскердик прокуратура М.Юнун арызынын негизинде арыз берүүчүгө каршы кылмыштык куугунтуктоону токтотуу үчүн 350 миң сом пара доолаган фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаган.

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев жоголгон сүрөттөргө байланышкан чырдан кийин ээлеген кызматынан бошотулган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан 18-ноябрда А.Н. кызматтык абаланын кыянаттык менен пайдалангандыгы боюнча күнөөлүү деп табылып, 50 000 сом айып пул салынган жана бир жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонуу менен бирге эркиндикке бошотулган. УКМКнын кызматкери Шыгаевден 20 миң доллар талап кылганы белгиленген. Бирок, соодалашып отуруп, 350 миң сомго түшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө чекист кызматынан бошотулган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх