Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаттары Мухаммедкалый Абылгазиевди жыйынга чакырууну сунушташты

“Өкмөт президентке кризистен чыгуунун пландын даярдап койдук деп оозун көптүрүп жаткан. Бизге деле көрсөтүшсүн”

Жогорку Кеңештин депутаттары премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди парламенттин жыйынына чакырууну сунушташууда.

Эл өкүлдөрү мигранттарды колдоонун алкагында жана каржылоо маселелери боюнча жүргүзүлгөн иштер туурасында отчет берүүнү талап кылышты.

Депутат Исхак Масалиев өкмөттүн башчысы менен бирге жыйынга каржы министри Бактыгүл Жээнбаева менен биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновду дагы чакырууну сунуштады.

- Алар дагы келсин, президенттин жарлыгын кабыл алууда көптөгөн түшүнүксүз жагдайлар болот, - деп белгилеген парламент мүчөсү. - Алар каржылоо боюнча төрт башка отчет берип жатышат. Мындан сырткары, эки жума мурда кризистен чыгуунун планын көрсөткүлө дегенбиз. Кечээ өкмөт президент менен өткөн кеңеште аны даярдап койдук деп мактанды, бизге да көрсөтсүн эми.

Масалиев шайлоодогу босого чекти азайтуу маселесин да эске салды.

- Карантин го мейли, бирок, кээ бир мыйзам долбоорлор чечилбеген бойдон калды, - деп баса белгиледи ал. - Өкмөт босого чек боюнча ошол бойдон жооп бере элек.

Өкмөт башчысын чакырууну ошондой эле депутаттар Наталья Никитенко жана Кенжебек Бокоев дагы сунушташты.

Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков өкмөт башчы 11:00дө келерин айтты.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх