Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКнын депутатынын суроосуна жооп таба албаган өкмөт жетекчилиги кокустан сөгүнүп алды (видео 18+)

Бири-бири менен сүйлөшүп жатышкан Мухаммедкалый Абылгазиев менен Кубатбек микрофонду өчүрүшпөгөнүн унутуп коюшкан

Бүгүн, 13-майда өкмөттүн Жогорку Кеңеште берген отчетунун жүрүшүндө эл өкүлү Альфия Самигуллина калктын аярлуу катмарынын жашоо-шартын жакшыртуу үчүн өкмөт отчеттук мезгилде кандай иштердү жүргүзгөнүн сурады. Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев дароо жооп бере албай, кагаздарын бирден барактап, керектүү маалыматты издей баштаган. Ага биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов жардамдашмакчы болот. Бири-бири менен сүйлөшүп жаткан өкмөт мүчөлөрү микрофондун күйүп турганын унутуп койгонбу, айтор, бир маалда залга алардын сөгүнгөнү угула түшкөн.

Абылгазиев менен Боронов жыйында бет капчан отурушкандыктан, кимисинин оозунан маданиятсыз сөздөр чыкканы так билинбейт.

Фото wwww

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх