Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Руслан Казакбаев: ЭККМК кандай негиз менен Жумалиевдин мүлкүн текшере баштады?

Парламент мүчөсү эмнеге Финполиция мурда соцтармактардагы маалыматтарды текшербегенине кызыкты

ЭККМК соцтармактарда айтылган маалымат боюнча ЖКнын депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн текшере баштады. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Руслан Казакбаев билдирди.

- «Чоң Казат» уюму канча күндөн бери Кыргызстанда социалдык тармактарды дүңгүрөтүп жатат, - деди ал. - Эгер канча киши киргенин карасаңыздар 100 миңден 300 миңге чейин аларды окуп жатышат. Азыр айылдарда «Чоң казатка» чакырып жүрүшөт. Премьер менен чогуу жооп берсеңиз - алардын кылганы туурабы же жокпу?

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев бул үчүн атайын экспертиза өткөрүү керектигин белгиледи. Иштин материалдары Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына жөнөтүлүп, алар тийиштүү иштерди башташкан

-Каржы полициясы социалдык тармактарда маалымат айтылгандан кийин депутат Жумалиевдин мүлкүн текшере баштады, - деп эске салды Казакбаев.

ЭККМКнын башчысы (Финполиция) Бакир Таиров Башкы прокуратурада катталган Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү боюнча иштин материалдары кечээ алардын мекемесине келип түшкөнүн депутатка билдирди. Бүгүн ЭККМК алар боюнча иш алып бара баштаган.

-Кайсы негиз менен? - деген суроо узатты Руслан Казакбаев.

Бакир Таиров Башкы прокуратура айтылган материалдарды каттап, Каржы полициясына жөнөткөнүн айтты.

- Бул маселени коомчулук колдоп жатат, - деп белгиледи ал. - Эгерде эл муну колдосо, анда силер мурда айтылып келген башка маалыматтарды деле текшеришиңер керек. Эмне үчүн силер ушул факт боюнча гана текшерүү баштадыңар?

Ал ортодо премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ортого түшүп, иш мыйзамдуу негизде жүрүп жатканын белгиледи.

-Эгерде фактылар, документтер, жарандардан кайрылуулар болсо биз ал материалдар менен иштейбиз. Өз билемдик менен иш алып баруу туура эмес, - деди өкмөт башчы.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх