Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саймаити боюнча комиссия дагы деле укук коргоо органдарынын маалыматын күтүүдө

ЖК депутаты Тынчтык Шайназаровдун пикиринде комиссия июлда өз ишин жыйынтыкташы мүмкүн

Кытай ишкери Айеркен Саймаитинин Түркияда киши колдуу болушуна байланышкан жагдайларды иликтөө үчүн түзүлгөн парламентская комиссия мурдагыдай эле укук коргоо органдарынан маалымат күтүп жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аталган комиссиянын мүчөсү, депутат Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында убактылуу комиссиянын акыркы отуруму үстүбүздөгү жылдын мартында эле өткөрүлгөн.

- Укук коргоо органдары бизге бул иш боюнча маалымат беришмек, - деп белгиледи ал. - Комиссиянын иши качан бүтөт - белгисиз. Менимче июлга барат го.

Эске салсак, комиссия 2019-жылдын 21-ноябрында түзүлгөн.

Кыргызстандан каражаттардын мыйзамсыз ташылганын жана буга МБКнын башчысынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун катышы бар болушу мүмкүн экенин айтып берген 2019-жылдын 10-ноябрында киши колдуу болуп каза тапкан.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх