Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКнын вице-спикери: Дарыгерлер фармкомпаниялар менен бизнесмендерден жеке коргонуучу каражаттарды сураганга мажбур болушууда

Аида Касымалиева обсервациядагы дарыгерлер 14 күндөн респираторлорун чечишпегенин билдирди

Дарыгерлер фармкомпаниялар менен бизнесмендерден жеке коргонуучу каражаттарды сураганга мажбур болушууда. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева билдирди.

- Мен атайын эсепке түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү боюнча комиссияда мүчөмүн.
-Өкмөт мүчөлөрү өздөрүнүн докладдарында жеке коргонуучу каражаттар үч айга жетет дешкен. Бирок, азыр айрым ооруканаларда дарыгерлер өздөрү фармакологиялык компаниялар менен бизнесмендерден жеке коргонуучу каражаттарды сураганга аргасыз болуп жатышат. Бул факты түрүндө далилденип жатат. Эгерде өкмөт бюджеттен акча бөлсө жана бизнесмендерден да гуманитардык жардам катары түшсө, анда эмнеге алар жетишпей жатат? Же аларды сатып жатышабы? Мисалы, Лалафо сыяктуу жарнамалар сайтында жеке коргонуучу каражаттар сатылууда.

Муну менен бирге Касымалиева респираторлордун жетишсиз экенин дагы айтып чыкты. Анын айтымында обсервацияда иштеген дарыгерлер 14 күн бою бир респираторду чечпей жүрүшкөнүн билдирди.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх