Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жанар Акаев: Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгын Баткенден өткөрүү керек

Парламент мүчөсү Арменияны мисал катары келтирип, мындан ары 31-августту Кыргызстандын ар кайсы шаарларында белгилеп, муну менен ички туризмди өнүктүрүүнү сунуштады

ЖК депутаты Жанар Акаев 2021-жылы Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгын Баткенден өткөрүүнү сунуштуду. Бул тууралуу ал парламенттин жыйында айтып чыкты.

- Биз бул майрамды жыл сайын Бишкекте өткөрөбүз, - деди ал. - Өкмөт келерки жылы системалык иш алып барышы керек. 2021-жылы Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгын биз Баткенде өткөрүүгө тийишпиз, кийинки жылдары Ысык-Көлдө, Нарында же Таласта. Өкмөт азыртадан эгемендүүлүк күнүн өлкөнүн ар кайсы шаарларында белгилөөнү пландап баштасын. Баткенде белгилесек, ички туризмди өнүктүрө баштайбыз. Анткени, биздин жарандардын көбү ал жакка барган эмес. Башка 6 облустун жашоочулары, президент, депутаттар, дипломатиялык корпус Баткенге, анын жергиликтүү мекемелери менен базарларына барышмак. Экономикабызга ушинтип жардам бермекпиз.

Жанар Акаев мисал катары жыл сайын ар кайсы шаарларында эгемендик күнүн белгилеген Арменияны келтирди. Парламент мүчөсү мындай жол менен өлкөнүн бардык шаарларынын көйгөйлөрүнө көңүл бурууга жол ачылмак деген пикирде.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх