Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Пандемиядан кийин Кыргызстанды эмне күтөт? Экономика министринин мурдагы башчысы менен маек

Элдар Абакировдун айтымында чет өлкөдө ишсиз калган 100 миңге жакын кыргызстандык мекенине кайтып келет. Кризис эң аз дегенде жарым жылга созулат

Vesti.kg буга чейин түзүлгөн кырдаалдан Кыргызстандын чыгышы туурасында пикирлери менен бөлүшкөн туризм жана ресторан бизнестеринин өкүлдөрүнүн маектерин жарыялаган эле.

Бүгүн биз кызматынан кетээрге аз калганда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна берген өткүр жана корс жооптору менен эсте калган Кыргызстандын экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакировду кепке тарттык.

Коронавирус пандемиясынан кийин Кыргызстанды эмне күтөт?

Экономиканын кыскарышы. Менин баамым боюнча мигранттардын 50 пайызга жакыны азыр жумуштарынан айрылды. Бул негизинен Россиядагы кыргызстандыктар. Менимче жүз миңге жакыр кыргызстандык мекенине кайтат. Демек, 2-2,5 млрд долларды түзгөн мигранттардан түшкөн каражат 1,5 млрдга түшөт.

Мындан сырткары, биз өзүбүздүн товарларыбызды экспорттогон жана мигранттык акчалар бизге келип турган негизги өлкөлөр кош соккуга дуушар болушту. Бул коронавирус жана нефть, газдын наркынын түшүп кетиши. Биздин өнөктөштөр экономиканы 2-3 айга жасалма токтотуп турууга мажбур болушту. Бул, ал жакта кардарлардын сатып алуу дарамети азайып, биз кирешелерибиздин бир бөлүгүнөн ажырадык деген сөз. Биз буга чейин орточо алганда 500 млн долларга товар экспортточубуз.

Бюджетке 37 млрд сом түшпөй каларын айтышты. Бирок, бул эң аз дегенде. Өкмөт менен калк белин бекем бууганга туура келет.

Каатчылыктан кантип чыгуу керек, кесепеттерсиз чыгууга мүмкүнбү?

Кризистен чыгуу баары бир кесепеттерин алып келет. Мен бул абалдан чыгуунун бир нече жолдорун сунуштайм.

Мисалы, кризиске каршы фонд түзүп, ага болушунча көп акча каражатын тартуу зарыл. Евразиялык өнүктүрүү банкы, РКФР, кредиттер, гранттар бар. Керектүү сумма - кеминде 500 млн доллар, а негизи миллиардга чейин.

Бул акчалар кандайча жумшалат?

Жаңы абалда өз бизнестерин өнүктүрө алчу ишкерлерди таап, аларга ошол каражаттарды максималдуу түрдөгү жеңилдетилген шарттарда таратуу зарыл. Алар өз кезегинде жаңы жумуш орундарын түзүп, салыктардын төлөнүшүнө өбөлгө түзүп, Кыргызстандын экономикасын түзүүгө жардам берет.

Ал эми мындай ишкерлер менен инвесторлордун көп болушу үчүн көзөмөлдү болушунча азайтуу керек. Башкача айтканда, лицензияларды, уруксат документтерин азайтып, ошондой эле бул жерде коррупцияга каршы күрөш менен укук коргоо системасын реформалоо дагы абдан маанилүү.

Мындан сырткары, мамлекет чыгашаларын азайтууга тийиш. Анын ичинде мамлекеттик аппаратка кеткен чыгашаларын дагы. Мен өзүмчө таблица чийген элем жана мамлекеттик аппараттын 3-40 пайызын кыскартуу керектигин айта алам. Бул, мисалы «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасы, Маданият министрлигинин, бажы кызматынын, салык кызматы сыяктуу мекемелердин басымдуу бөлүктөрү. Аларды күчтүү кардлардын жана автоматташтыруунун эсебинен кыскартса болот.

Мамлекеттик аппараттын штатынын кыскарышы жумушунан айрылган жарандардын нааразычылыгын алып келиши мүмкүн да?

Мен дарыгерлерди же мугалимдерди кыскарталык деген жокмун да. Чынында коррупциянын булагы болгон органдарды айтып жатам. Бул ири суммадагы чыгашаларды азайтууга алып келбейт. Менимче, аз дегенде миллиард же эки миллиар сом болот го. Эң башкысы - бул коррупцияга каршы күрөш болот.
Башка мамлекеттердин экономисттеринин божомолдору боюнча пандемиядан кийинки кризис узакка созулат. Кыргызстанда канча убакытка жүрөт деп ойлойсуз?
Эң аз дегенде жарым жыл кризис өтө курч сезилет, мурдагы көрсөткүчтөрдү калыбына келтирүүгө бир жыл кетет. Андан кийин кандай болот - өкмөттүн аракеттеринен көз каранды.

КРнын өкмөтүнүн кризиске каршы планын натыйжалуу деп айтууга болобу?

Кабыл алынган биринчи жана экинчи пакеттер дээрлик байкалган жок. Алар өтө чабал. Бирок, акыркы күндөрү кредиттик каникулдарды, карантин маалына пайыздык туумдарды төлөтпөй, кредиттердин мөөнөттөрүн узарткылары келип жатканын угуудамын. Мына ушул чаралар менимче олуттуураак.

Карантин маалында салык төлөтүү боюнча, менимче зыян тартка ишкерлердин мүлк жана жер тилкелеринин салыктарын жоюу зарыл. Бизнес иштебей турса, кантип төлөшөт? Мен буга чейин айткандай, азыр эң башкысы каражат булактарын таап, бизнесин сактап калгандарга өсүп-өнүгүүгө жардам берүү.

Эмне үчүн бийлик түздөн түз финансылык жардам көрсөтө албайт?

Учурда кыйынчылыкта калган, жакырчылыктын ылдыйкы чегиндеги жарандарга айына 5 миң сомдон таратса болот. Кыргызстанда мындай 100 миңдей үй-бүлө бар го деп турам. Казакстанда мисалы 42500 теңгеден беришти.

Мейли, биринчи эки айда аз камсыз үй-бүлөлөргө кайдыгер эмес жарандар жардам берди, мамматрезервден ун бөлүндү. Мындан кийинчи? Майда абал али өзгөрө элек, июнда айрымдар буттарына турганга аракет кылышат. Өкмөт бул маселени ойлонушу керек.

Бизнестин кайсы түрлөрү кризиске туруштук берет?

Тигүүчүлүк тармагына колдоо көрсөтүү абдан маанилүү. Сырье алууга, товарларын сатууга жардам берүү керек. Ошондой эле, айыл чарба товарларын кайра иштетүү тармагын да колдоо зарыл. Кызмат көрсөтүү тармагы боюнча - онлайн сатууларга өтө алгандардын бардыгы, менимче иштеп кетишти. Ресторан менен кафелер эң аз дегенде үч айлык, ал тургай жарым жылдык кирешесинен дагы кол жуушат. Бирок, экономика үчүн экспортко иштеген тармактарды жоготуу кыйын болот.

Экспортто иштегендердин бардыгын алып чыгуу керек, анткени бул учурда акча чет өлкөлөрдөн келет. Алар Кыргызстандын экономикасына кирет. Бул акчанын бир бөлүгү ошол эле кафе, чачтарач жана башка тармактарга түшөт. Өкмөт бул тармактардын жанданышына жардам берсе, калгандары акырындан өздөрү буттарына турат.

Кыргызстандын бюджети шайлоо өткөргүдөй абалдабы?

Шайлоону баары бир өткөрүү керек, анткени, эл жаңыланууну каалайт. Бирок, чыгашаларды болушунча азайтуу зарыл.

Жаңылануу болот деп ойлосузбу?

Бул эми жарандардын өзүнө байланыштуу болот.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх