Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаты Манас кыргыз болгонун мыйзамга жазууну сунуштады

Саматбек Ибраев тийиштүү документти коомдук талкууга койду

Буга чейин парламентте активдүүлүгү менен анча байкалбаган эл өкүлү Саматбек Ибраев «Манас» элдик эпосунун башкы каарманы Манас кыргыз болгонун мыйзам деңгээлинде жазып, аны улуттук руханий-адеп-ахлактык жана патриоттуулуктун символу катары кабыл алууну сунуштады. Тийиштүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

«Ушул Мыйзамдын максаты - кыргыз элинин рухун жана мекенчилдик сезимин көтөрүү, тарыхый эстутумду, эне тилин, маданиятын, ишенимин, улуттук биримдигин жана эркиндигин сактоо, Манастын образы аркылуу мамлекетти бекемдөө үчүн кыргыз элинин этностук бирдейлигинин (иденттүүлүгүн) калыптандыруу жана чыңдоо. Манастын баалуулуктарын жана осуяттарын мамлекеттик идеологиянын негизи катары пайдалануу, деп жазылган документтин маалымкат-негиздемеситнде. - Буга байланыштуу, мыйзам долбоорунда Манаска байланышкан баалуулуктарды иликтөө, жайылтуу, сактоо, коргоо, кеңири таркатуу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү белгиленген. Ошондой эле, «Манас» эпосун жана анын башка бөлүктөрүн сактоо жана пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын, юридикалык жана жеке жактардын коом алдындагы укуктарын жана милдеттерин тартипке салуу аныкталган».

Мыйзам долбоорунун өзүндө депутат төмөнкүдөй нормаларды жазууну сунуштайт:


1. Менчигинин формасына карабастан, Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары Манастын образына жана аны чагылдыруучу булактарга кылдат мамиле жасоого милдеттүү.
2. «Манас» эпосунун классикалык варианттарында калыптанып калган Манастын образын, коомдук турмушту алардын бардык көрүнүштөрүндө жасалмалоого, эркин чечмелөөгө, мазактоого жол берилбейт.
3. Манастын ысымын географиялык, административдик жана муниципалдык объектерге колдонууга уруксат берилет. Соода, коомдук тамактануу, бизнес, коммерциялык жана коомдук уюмдарды жана кыймылдарды, саясий партияларды, кумар оюн-зоок клубдарды, ошондой эле алкоголь жана тамеки өндүрүмдөрүн Манастын ысымы, «Манас» эпосунун жана анын бардык бөлүктөрүнүн башка каармандарынын ысымдары менен атоого тыюу салынат.
Манастын ысымын жана «Манас» эпосундагы, анын бардык бөлүктөрүнүдөгү каармандарынын ысымдарын пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында турган адамдар «Манас» эпосуна жана анын бардык бөлүктөрүнө Кыргыз Республикасынын элинин өзгөчө сыймык предмети катары мамиле жасоого милдеттүү.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх