Исхак Масалиев депутаттык мандатын тапшырат
Ал өз ыйгарым укуктарын 25-майда токтотот
Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутаты Исхак Масалиев 2020-жылдын 25-майында депутаттык мандатын тапшырат. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Масалиев элдин жана өзүнүн шайлоочуларынын ишенимин актай албаганын белгилеген.
- Мен мамлекет туш болгон көйгөйлөр үчүн жоопкерчилигимди сезем, - деди ал. - Мен силерди (депутаттарды) кандайдыр-бир көйгөлөрдүн чечилишине ынандыра алган жокмун. Мен өкмөттү тигил же бул чечимдерди кабыл алууга көндүрө алган жокмун. Буга байланыштуу, мен 25-майдан баштап өз ыйгарым укуктарымды токтотуу чечимин кабыл алдым.
Ал өзүнө добуш берген шайлоочуларга ыраазычылыгын билдирип, депутаттыктан башка каалаган кызматта иштөөгө даяр экенин айтты.
Гулиза Чудубаева
Фото www