Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тазабек Икрамов: Мен Кашкар Жунушалиевдин атын унутуп калыптырмын. Бардык министрлерди эстеп калуу деле кыйын

Депутат ЖК кызматкери ага башка кагазды берип койгонун айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов ИИМнин башчысы Кашкар Жунушалиевдин атын унутуп койгонун мойнуна алды. Ал бул тууралуу Vesti.kg сайтына өзү бөлүштү.

Анын айтымында ЖК кызматкерлеринин бири ага туура эмес документти карматып койгондуктан, ал ЖКнын социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинде оңтойсуз абалга калган.

- Жогорку Кеңештин кызматкери мага туура эмес кагазды берип коюптур, - деп тактады Икрамов. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев доклад бермек. Бирок, документте анын аты жок болчу. Бардык министрлерди деле эстеп калыш кыйын. Ошол маалда мен Кашкар Жунушалиевдин атын эстей албай калдым.

Эл өкүлү «робот» болбогондон кийин бардык аткаминерлердин атын эстеп калуу кыйын экенин белгиледи. Мындан сырткары, Икрамов эмне үчүн коомчулук ЖКнын комитеттеринде козголгон темаларды эмес, депутаттар кокустан кетирген каталардын үстүнө үйрүлүп түшөрүн түшүнбөйт.

- Биз эми бардык аткаминерлердин атын жаттап калгыдай робот эмеспиз, - деп баса белгиледи эл өкүлү. - Депутаттардын каталарын эмес, комитетте эмнелерди талкуулап жатабыз, кандай мыйзамдар кабыл алынды - ошолорду жазышпайбы. Көрө албагандардын оюн өзгөртө албайсың, алар мага эч ким эмес.

Эске салсак, 18-майда ЖКнын социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинде депутат Тазабек Икрамов ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин атын туура эмес айтып алган

«Министрдин орун басары… министр Жунушали Кашкаро…», - деген депутат. Андан кийин Икрамов Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкеринен ИИМнин башчысынын орун басары келгенин тактап туруп, аны дагы «Кенжекул Исламбек» деп жаңылып айтып алган.

ИИМнин башчысынын атын айта албай кыйналып жаткан депутатка ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев мыйзам долбоору боюнча ал доклад берүү үчүн келгенин айткан. Мындан соң Икрамов микрофонун өчүрүп, ЖКнын кызматкерине «эмнеге сен башканы алып келгенсиң, кишини адаштырып!»,- деп корс эткен

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх