Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Равшан Жээнбековдун кызы: Атам туулган күнүмдө чоң кутунун ичинен чыга калып мени куттуктаса...  (видео)

Кичинекей Айжан сарымсак жегенди үйрөнгөнүн атасына айтып бергиси келет

Камактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун кызы туулган күнүнө белек кылып, атасын абактан бошотушса деп тилек кылат.

Атам чоң кутудан “Сюрприз” деп чыга калса деп үмүттөнөт ал кыялдарында.

«Чоң куту болсо, анын ичине атам жашынып алган болсо… Экөөбүз бир күн бою кучакташып, кино көрөт элек. Мен ага ал келгиче сарымсак жегенди үйрөнгөнүмдү айтып берет элем. Мурда жаман көрчүмүн, азыр болсо жеп калдым», - деп кыялданат ал.

Эске салсак, саясатчынын кичүү кызы буга чейин да президентке кайрылып, атасын СИЗО – 1ден бошотууну суранган эле.

Фото жана видео www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх