Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

РИИБнын экс-жетекчиси: Кашкар Жунушалиев кылмыш иликтөөдө бир дагы күн иштебегендиктен, криминал баш көтөрүп жатат

Мадияр Кулуев ИИМнин коллегиясы колхоздук чогулушка окшошуп калды деп баш чайкады

Акыркы жылдары жарандык коомчулукта, ошондой эле парламент мүчөлөрү дагы Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор өздөрүн ээн-эркин сезип калышканы боюнча көп коңгуроо кага башташты. Криминал байланышкан бир катар резонанстуу окуялар буга далил болду.

Милицияда 33 жыл эмгектенген Бишкектин Ленин РИИБнин мурдагы жетекчиси Мадияр Кулуев дагы Vesti.kg сайтына берген маегинде уюшкан кылмыштуу топтордун мурдагыдан активдешип жатышканын айтты.

- Мен бул пикирге кошулам, анткени, ИИМнин азыркы башчысы Кашкар Жунушалиев кылмыш иликтөө кызматында бир күн дагы иштеген эмес, - деп белгиледи ал. - Бул бөлүмдүн 100 жылдык тарыхы бар, ал болсо бул системаны кыйратып, жок кылды. Ыкчам кызматкерлердин укуктарын болуп көрбөгөндөй азайтып салды. Мисалы, азыр ыкчам кызматкерде маалымат болсо, ал тергөөчүнүн макулдугу жок кылмышкерди кармоо үчүн чыга албайт. Оперлерди мындайча айтканда күзөтчү эле кылып салжы. Кылмыш иликтөө кызматынын канчалаган мыкты адистери жумуштарын таштап кетип калышты. Жунушалиев системаны билбейт, ошон үчүн кримдүйнө өзүн ээн-эркин алып жүрөт.

Муну менен бирге Кулуев ички иштер министринин парламентте айткан чырлуу билдирүүсү боюнча да өз пикирин билдирди

- Жогорку Кеңеште ички иштер министрине суроо узатышса, ал мен профессионал эмесмин деп жооп берди, анда ал эмнеге министр болуп отурат? Креслосун кайтарып атабы? - деп баш чайкады РИИБнин мурдагы башчысы.

Кулуев ошондой эле анын көз карашында өз иштерин татыктуу алып барган мурдагы ичке иштер министрлеринин аттарын атады.

- 33 жыл милицияда иштеп, көптөгөн жетекчилерди көрдүм, - деп баса белгиледи ал. -Мисалы, Абдыбек Суталинов, Таштемир Айтбаев, Мыктыбек Абдылдаев абдан тажрыйбалуу, дасыккан министрлер болчу. Ошондой эле Молдомуса Конгантиев, Мелис Турганбаев да жакшы иштешкен. Алар кызматкерлерге абдан катуу талаптарды коюшчу. Мурда коллегияларда бардыгы титиреп турушчу, анткени начар иштешсе, сөзсүз тил угушарын билишчү, эч ким каяша да кылчу эмес, себеби айтылган сындар негиздүү болчу дайыма. Азыр ИИМдин коллегиясы колхоздун эле чогулушуна окшош. Жунушалиев өзүнө жакпагандардын бардыгын кетирип, сүймөнчүктөрү калат - аларга жаза да, сөгүш да жок.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Мадияр Кулуевди кепке тартып, ал мыйзамсыз түрдө кызматынан алынганын жана Өзгөчө кырдаал маалында милиция кызматкерлери мышык ыйларлык абалга калышканын айтып берген.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх