Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Чоң казаттын» лидери: Биздин артыбызда Раим Матраимов турган жок

УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы алардын кыймылын кайдыгер эмес кыргызстандыктар каржылап жатканын айтты

«Чоң казат» кыймылынын лидерлеринин бири, УКМКнын бөлүмдөрүнүн биринин мурдагы башчысы Максат Мамытканов алардын кыймылын МБКнын башчысынын экс-орун басары Раимбек Матраимов каржылайт экен деген сөздөр боюнча журналисттерге жооп берди.

Мамыткановдун айтымында бүгүнкү күндө коомдук кыймыл жөнөкөй жарандар тарабынан которулган каражаттардын эсебинен иш жүргүзүүдө.

- Биздин артыбызда эч ким турган жок, - деп белгиледи ал. - Матраимов эмес, ФСБ, Путин да эмес, эч ким. «Чоң казатка» эл жардам берип жатат.

Муну менен бирге Мамытканов Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү тууралуу да аларга кайдыгер эмес жарандар маалымат берген деп ишендирди.

- Эл өзү анын мүлкү тууралуу айтып жатат, документтерди да өздөрү алып келишүүдө, - деди мурдагы чекист. Аскар Акаев Жумалиев анын досу экенин, ага конокко келип турарын айтып жатат. Акаевдин мүлкү ошондо кайда кетти? Эч ким билбейт, 15 жылдан бери качып жүрөт.

Мындан сырткары, Мамытканов «Чоң казаттын» парламенттик шайлоого катышуу ниеттери туурасында да жооп берген.

- Биз шайлоого барабыз деген жокпуз, биз парламентке бара турган саясий күчтү даярдап жатканыбызды айтканбыз, - деп жооп берген ал журналисттерге. - «Чоң Казат» - бул жөн гана кыймыл. Биз таза, прогрессивдүү жаштарга чакырык жасадык, ал эми ким келет азырынча белгисиз. Биз кайсы бир партияга кошулабызбы же жокпу - бул дагы кийинчерээк талкуулана турган маселе.

Манас Кольбаев
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх