Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЭКККМК Кубанычбек Жумалиевдин фирмаларын жана анын туугандарына катталган көптөгөн мүлктөрдү аныктады

“Финпол” ЖК депутатынын кайсы компанияларда үлүшү бар же өзү негиздөөчүс экенин иликтеп чыккан

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Башкы прокуратура тарабынан катталган, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүштү ишке ашырууда.

Аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жумалиевдин уставдык капиталда үлүшү бар жана өзү негиздөөчүсү, ошондой эле жетекчиси болгон кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөр аныкталган. Ошондой эле Жумалиевдин жакын туугандарына таандык көп сандагы мүлк аныкталган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

ЭКККМКнын басма сөз кызматы
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх