Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Жолдошбаев: Кулиев көчөсүндөгү сойкунаналардан өткөндөн уяласың

Парламент мүчөсү ИИМнин кызматкерлеринин сойкуканаларга алы келбей калганын айтты

ЖК депутаты Жанар Акаев тартип коргоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жыйынында “Көп кабаттуу үйлөрдө батирлерди ижарага берүүгө тыюу салуу жөнүндө” мыйзамын талкуулоонун жүрүшүндө орто бизнести колдоону сунуштады.

- Мен Караколдон, Оштон жеке адамдар өз имараттарын тышкы жана ички туристтерге ижарага беришерин көрдүм, - деген эл өкүлү. - Аларды анан милиция кууйт экен. Жыйынтыкта бюджетке да акча түшпөйт, жеке тамдардын ээлери да киреше көрбөй калышат. Буга байланыштуу көп кабаттуу үйлөрдө соодага жана башка бизнеске ижарага берилген имараттарды мейманканалар катары берилишине да уруксат берүүнү сунуштайбыз.

Анын сунушун кесиптеши Камчыбек Жолдошбаев туура деп таап, бирок, бул чараларды борбор калаада колдонууга болбой турганын белгилеген.

- Караколдо туристтер үчүн бул чараны кабыл алууга болот, - деп жооп берген парламент мүчөсү. - Бирок, Бишкекти карап көргүлө. Бул чоң шаар. Кулиев көчөсүндө мейманканалар толтура, Ош базарынын айласында кадимкидей эле бизнес жүрүп калган. Ал жакта элдер батирлерди туристтерге эле эмес, башка мыйзамсыз, ыплас иштерге берип жатышат. Ал жактан өтүп баратып, өзүң ыңгайсыз болосуң. Бул адамдар шаарды уят кылышууда. Каракол менен Бишкекти салыштырууга болбойт.

Муну менен бирге Жолдошбаев, Бишкектеги сойкуканалар менен күрөшүүгө укук коргоо кызматкерлеринин алы келбей калганын кошумчалаган.

- Ленин районунун акими бир канча миллион сомго өзү көчөнү асфальттап, видео байкоо орноткон, - деп улантты эл өкүлү. - Эми ал жерде же үйбү, же батирби, же мейманканабы түшүнүксүз. Мен ошол райондун депутатымын, автоунаам менен көп өтөм. Үйлөрүндүн алдында ачык эле соодалашышат. Бул маселени мыйзам деңгээлинде кандайдыр бир жол менен чечиш керек. Анткени, бюджетке же акча түшпөсө. Аларды мейманкана деп айтууга да тилиң барбайт. Шарт жок, жуунчу бөлмөлөр жок. Азыр ал жакта 19-кылымга да эмес, 17-кылымдагыдай иштер жүрүп жатат. Ал жакка прокуратура барбайт, аймактык инспекторлор, ИИМнин кызматкерлери барат. Бирок, алардын алдары жетпейт, анткени баары уюшулган. Бирдеме болсо эле, ар жактан 5-6 аял кыйкырып чуркап келишет.

Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев Бишкекте чындыгында эле ушундай көйгөй бар экенин мойнуна алды.

- 2019-жылдын 1-январынан тарта жаңы кодекстердин күчүнө кириши менен бул маселени жергиликтүү бийлик органдары карап калган, - деп жооп берген ИИМнин башчысынын орун басары. Эски кодекстер боюнча мындай иштер арыздардын жана билдирүүлөрдүн негизинде козголчу. 2018-жылы мындай билдирүүлөрдөн 72 түшкөн.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх