Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нургазы Айдаров Жогорку Кеңеште ант берди

Жаңы парламент мүчөсү Исхак Масалиевдин ордуна келди

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан жаңы депутат Нургазы Айдаров парламенттин жыйынында ант берди.

Кечээ Борбордук шайлоо комиссиясы депутат Исхак Масалиевдин жазган арызына ылайык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн эрте токтотуп, мандатын Нургазы Айдаровго өткөрүп берген.

Эске салсак, Исхак Масалиев 21-майда мандатын өз каалоосу менен тапшыра турганын жарыялаган.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх