Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаровдун эжеси: Кудайга шүгүр, бул жак Кыргызстан эмес. Бул Европа. Буюрса Польшанын жарандыгын алабыз деп турабыз

Райкүл Жапарова иниси менен Кумтөр маселеси боюнча соодалашуу үчүн аны кандайча камакка алышканын айтып берген

КРнын ИИМнин маалыматы боюнча Интерпол тарабынан Польшада кармалган Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл ага коюлган айыптоолор боюнча кайрылуу жасады.

Жапарованын айтымында ал бир тууган инисинин саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу куугунтукка кабылган.

Райкүл Нургожоевна Польшадан кантип саясий башпаанек алганын жанан учурда Польша жарандыгын алууну пландап жатканын билдирген.

Жапарова полиция андан телефон аркылуу сурак алганын кошумчалаган.

«Мен 2010-жылга чейин Ысык-Көл Инвест банкында жетекчи болуп иштеп келдим. Бул банк жеке акционердик банк болуп эсептелет. Мамлекеттин бир тыйындык үлүшү жок. 2012-жылы иним Садыр Жапаров Кумтөрдү текшерип келип, мамлекетке алышыбыз керек экен деген чечим чыгаргандан кийин бизди (Жапаровдорду) Атамбаевдин бийлиги куугунтукка ала баштады. Ар бирибиздин мүлкүбүздү дыкат текшерип чыгышты. Айылга чейин барышып, ата-энебиздин индюк, тоокторуна чейин санап келишти.

2012-жылы иним Садыр Жапаровду УКМКга камашты.
Мага эч күнөөм жок эле кылмыш ишин козгоп, 2013-жылы апрель айында СИЗО 1ге мыйзамсыз камап коюшту. Ошол эле учурда иним Садыр Жапаров УКМКнын тергөө абагында жаткан. Көрсө Кумтөргө тийишпе деп, Садыр менен соодалашыш үчүн мени камашыптыр.
Мен айттым: Менин эч кандай кылмышым жок. Мен үчүн соодалашпай эле койсун, андан көрө баштаган ишин аягына чыгара берсин, Кудай буюрган күнү чыгам деп. Ошентип Садыр соодалашпай койгонун билем. Бийлик айласы кетип 21 күндөн кийин мени СИЗОдон чыгарышты. Мага козгогон кылмыш ишин Биринчи май райондук соту эки жолу, Свердлов райондук соту бир жолу Райкул Жапарованын күнөөсү жок деп, ишти артка прокуратурага жөнөтүшкөн.

Мага койгон айыбы «клиент кредитин өз убагында кайтарган эмес» дейт. (кийин кеч болсо да кайтарылган). Мындай проблемный кредиттер бүгүн деле ар бир банкта кездешет. Өз убагында жаба алышпай кеч жабышат же таптакыр жаппай коюп соттошушат. Баардык банктарда мындай көрүнүштөр күндө болуп турган нерсе. Жеке банк болгондон кийин мамлекетке бир тыйындык зыян жок.

Мага койгон дагы бир айыбы Байкожоевдун арызы боюнча болгон. Ал кишинин арызы суу кечпей калып, анын өзүнө 28 миллион сом мамлекетке төксүн деген соттун чечими чыккан. Бүгүнкү күнгө чейин бир тыйын төлөй элек экен. Анан кандай эле Байкожоевтей сыяктуу адамдардын арызына прокуратура тез эле көңүл бура калышат билбейм.

Ошентип, такыр айлалары кеткенде Октябрь райондук сотунда мыйзамды карабаган, күнөөң барбы же жокпу деп териштирбеген өздөрүнүн көздөй кишиси барбы айтор төртүнчү жолу ошол жака жөнөтүшүп, ак үйдөн сотко буйрук беришип, мени 2014-жылы 7 жылга, кийин 2015-жылы шаардык соттон 10 жылга сырттан соттотушкан.
Ак үйдөн камагыла деген буйрук болгондон кийин, мен үй-бүлөөм менен саясий баш паанек сурап, Польшага келгенге мажбур болгом. Үй-бүлөөм менен саясий баш паанек алып, Женевский паспорт алганбыз.

Кыргыз бийлиги мени 6 жылдан бери издебей, эми иним Садырды мыйзамсыз түрмөдө олтургандыгы үчүн жалпы эл кол топтоп, 2-мартта тынчтык митингке чыкканына байланыштуу мени февраль айында Интерполго беришиптир. Кечээ жакында полициядан чакыруу келип, сурак берип келдим. Кудайга шүгүр бул жакта мыйзамсыздык, адилетсиздик өкүм сүргүдөй Кыргызстан эмес. Бул жакты Европа дейт. Адам укугу, мыйзамдуулук, адилеттүүлүк деген эң жогорку орунда турат. Жөн эле адилетсиз бийликтин колуна өткөрүп бербейт. Кудай буюрса Польшанын жарандуулугун алабыз деп турабыз. Адам укугу тебеленбеген, адилеттүүлүк бар өлкөдө жашагыбыз келет», -деп жазылган анын кайрылуусунда.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз

Комментарии  

# О как 27.05.2020 12:32
в 2004 году на Садыра Жапарова было возбуждено уголовное дело за приватизацию 400 тысяч долларов банка «Иссык-Куль инвест».

После революции 2010 года Болот Байкожоев снова обращался в Генпрокуратуру, рассказав о рейдерском захвате банка «Иссык-Куль инвест», во главе которого стоял Максим Бакиев. По делу о рейдерском захвате было предъявлено заочное обвинение Максиму Бакиеву, его сторонникам – председателю совета директоров банка «Азия Универсал» Михаилу Наделю и финансовому консультанту Евгению Гуревичу.
Ответить | Ответить с цитатой | Цитировать
# Эрлан 27.05.2020 16:17
Садыр Жапаров Жыргалан шахтасын куруткан, бул бир тууганына банкты рейдерлик жол менен тартып берген. Анан кайдан журуп аны патриот деп жатышат тушунбойм.
Ответить | Ответить с цитатой | Цитировать
# турат 27.05.2020 17:40
пай пай, жыргаланды талкалагандар бизди жыргатмак беле?
Ответить | Ответить с цитатой | Цитировать
Ой-пикир кошуңуз


Наверх