Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: Владимир Соловьев биздин экрандардан булбулдай эле сайрап жатат

Парламент мүчөсү эмнеге Кыргызстан эки россиялык телеканалга акысыз берүүгө уруксат бергенине түшүнбөйт

Жогорку Кеңеште «Телекөрсөтүү жана радиоберүү жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланышкан мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Депутат Дастан Бекешев маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдон Кыргызстан эмнеден улам эки россиялык телеканалга колдоо көрсөтүп жатканын сурады.

- Бул мыйзам долбооруна ылайык, 2023-жылдын 1-январына чейин биз эки россиялык телеканалга жарнама рыногуна акысыз чыгууга уруксат беребиз, - деди парламент мүчөсү. - Биз аларга ансыз деле бекер мультиплекс бергенбиз. Өзүбүз бюджеттен “РТР-Планеты” жана “ОРТнин” көрсөтүүлөрүн төлөп келебиз. Элдин акчасын буга коротуп отурабыз. Бирок, алардын контентин карасаңар. “РТР-Планета” - мамлекеттик канал. Ал жакта Соловьев (Россиялык журналист Владимир Соловьев - ред.) биздин экрандардан булбулдай эле сайрап жатат. Эмнеге биз ата мекендик телеканалдарга бекер көрсөтүү бербейбиз? Эмнеге кризис маалында биз аларга мультиплекс колдонууга жеңилдик бере албайбыз? Россиялык каналдарга эмнеге анчалык колдоо көрсөтүүбүз керек?!

Эл өкүлү кесиптештерин бул мыйзам долбоорун колдоого чакырды.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх