Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Атамбаевди кайтарган УКМКнын мурдагы кызматкери өз булактары аркылуу Темирлан Султанбеков бийлик тарабынан КСДПга киргизилген агент экенин аныктап чыккан»

Адил Турдукулов мындай чыккынчы жана диверсанттар менен дебатка чыкпай турганын айтты

КСДПнын мүчөсү Темирлан Султанбеков бийлик тарабынан киргизилген агент. Бул тууралуу «социал-демократтардын» саясий кеңешинин мурдагы мүчөсү Адил Турдукулов Фейсбук социалдык тармагында жазып чыкты.

Ал ортодо Султанбеков Турдукулов аны менен дебатка катышуудан баш тартканын бүгүн билдирди.

«Адил Турдукулов Лейла Саралаеванын эфиринде мени менен дебатка катышуудан баш тартып койду. Ал бардык ЖМКларда карандай калпты айтып, КСДПны көмүп койгонго аракет кылууда, бирок, саясий өлүк социал-демократтар эмес, Адил Турдукулов өзү», - деп жазган ал.

Турдукулов өз кезегинде ал чыккынчы жана диверсанттар менен сүйлөшпөй турганын айтып жооп берген.

«Кечээ КСДПнын саясий кеңешинде Атамбаевдин мурдагы жансакчысынын каты окулду, ал өз булактары аркылуу Темирлан Султанбеков партияны талкалоо максатында бийлик тарабынан киргизилген агент экенин билерин жазган. Чыккынчы жана диверсанттар менен мен сүйлөшпөйм», - деп Турдукулов Султанбековдун билдирүүсүнүн алдына жазган.

Бирок, кийинчерээк Турдукуловдун бул комментарийи өчүрүлгөн.
Султанбековдун өзүнөн бул боюнча пикир алууга мүмкүн болгон жок.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх