Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Феликс Кулов: Мухаммедкалый Абылгазиев өргүүгө кетип туура кылды

Экс-премьер кабмин - жаматтык орган экенин эске салып, өкмөт башчы ага кол коюу үчүн алынып келген ар бир кагазды окуй албасын белгиледи

Мухаммедкалый Абылгазиев радиожыштыктарды сатуу боюнча иш тергелип бүткүчө өргүүгө кетип туура кылды. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына экс-премьер-министр Феликс Кулов бөлүштү.

- Анын дарегине абдан олуттуу айыптоолор айтылганы аны өргүүгө кетүүгө аргасыз кылды. Бул туура чечим, - деп белгиледи Кулов. Айыптоолор боюнча, өкмөт жамааттык орган экенин жана премьер кабыл алган чечимдер дагы жаматтык экенин эстен чыгарбаш керек. Андыктан тергөөнүн жүрүшүндө жыштыктарды сатуу премьердин жеке чечими менен демилгеленби же башка адамдар мунун үстүндө иштешкенби аныктоо зарыл. Анткени, өкмөт башчыга күн сайын жүздөгөн документтерди кол коюуга алып келет жана ал баардык документтерди окуп чыкканга чынында жетишпейт.

Феликс Шаршенбаевич, эгерде бул абалды эске албаганда шайлоонун алдында өкмөттүн отставкасын ойлонулбаган кадам болот деп эсептейт.

- Жакында парламент каникулга кетет, ал эми күзүндө шайлоодон кийин кабмин ансыз да тарайт, - деп эске салды ал. - Эгерде жаңы премьер келсе, ал шайлоого чейинки убакытты ишке киришүүгө даярданууга эле коротуп коет.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев радиожыштыктарга байланышкан чырдан улам өргүүгө кеткенин жазган.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх