Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ: Гуля Алмамбетованын билдирүүлөрүндөгү фактылар чындыкка дал келбейт

Милициялык мекеме мэрдин коомдук кеңешчиси өткөрмө кагаздарын берүү маселелери боюнча суракка чакырылбаганын билдирди

Интернет-сайттарда Бишкек шаарынын мэринин коомдук иштер боюнча кеңешчиси Г. Алмамбетова өткөрмө кагаздарын берүү маселелери боюнча ИИМге чакырылганы жөнүндө маалыматтар тарап жатат.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы өзгөчө абал учурунда Бишкек шаарынын Комендатурасы тарабынан өткөрмө кагаздары берилген фактылар боюнча кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш боюнча иликтөө, тактоо багытында ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
2020-жылдын 29-апрелинде жогорудагы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Мэриясына өткөрмө кагаздарынын берилиши боюнча аларда болгон маалыматтарды ИИМге берүү боюнча атайын кат жиберилген.

Сотко чейинки өндүрүш учурунда Г. Алмамбетова сотко чейинки өндүрүштүн күбөсү же башка катышуучусу болуп эсептелбейт. Ушуга байланыштуу Бишкек шаарынын мэринин коомдук иштер боюнча кеңешчиси Г. Алмамбетова Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылган эмес жана анын бул боюнча билдирүүлөр чындыкка дал келбейт.

ИИМдин Басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх