Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДПнын бардык жетекчилиги алмашты. Партиянын төрагасынын милдетин аткаруу Анвар Артыковго тапшырылды

Кечээ саясий кеңештен кетишкен активдүү “социал-демократтардын тизмеси”

Кечээ, 26-майда КСДПнын саясий кеңешинин жыйыны болуп өттү. Күн тартибинде бир гана маселе турган - партиянын ичинде түзүлгөн кырдаал. Жыйынга саясий кеңештин 24 мүчөсү катышкан. Саясий кеңеш эч кандай чечимдерди кабыл алган эмес, партиянын жогорку органы күн тартибин талкуулоо менен эле чектелген.

Партиянын жетекчилигинин бир бөлүгү Кой-Таш окуялары боюнча соттук иште жүрүп жаткандыктан, КСДПнын төрагасынын милдетин аткарып жаткан Асел Кодуранова ыйгарым укуктарын тапшырып, Анвар Артыковго өткөрүп берди. Рыскелди Момбеков жана Кундуз Жолдубаева дагы КСДПнын төрагасынын орун басарларлыгынан баш тартышты. Алар Саясий кеңештеги мүчөлүктөрүн токтотушуп, бирок, партиянын катарынан кетишкен жок, башкача айтканда КСДПнын мүчөлөрү бойдон калышты.

Партиянын төрагасынын дагы бир орун басары Ирина Карамушкина саясий кеңештен да, партиянын курамынан да чыккан. Назгүл Мамытова дагы саясий кеңештеги мүчөлүктөн чыгып, бирок, КСДПнын катарында калды.

Саясий кеңеш менен партиядан мындан сырткары, Мээрбек Мискенбаев, Адил Турдукулов, Мирбек Айтикеев чыгышкан. Кундуз Ажыбекова да КСДПнын катарынан кеткен.

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх