Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: Блокпосттордун азыр эмне кереги бар? Эмнени көзөмөлдөшөт?

Парламент мүчөсү кафелерде 49 киши чогулса болот, а эмнеге автомектептерде болбосун деди

ЖК депутаты Дастан Бекешев парламенттин жыйынында Кыргызстанга азыр блокпосттордун эмне кереги бар экенине кызыкты.

Парламент мүчөсү коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабка кайрылды.

- Алар ошондо эмнени көзөмөлдөп жатышат, - деген суроо узатты эл өкүлү. - Түшүнүксүз. Кандай термометрлерди колдонушары да түшүнүксүз. Ар кандай дене тапты көрсөтө берет. Коронавируска чалдыккандарды аныктай алышабы ошолор? Андан көрө бөлмөлөрдүн ичиндеги адамдарды көзөмөлдөгөн оң эмеспи? Посттордо качан көрбө килейген тыгындар. Бизде коомдук транспорт жүрө баштады, көп тармактар ишин жандантты. Посттор эч кимди токтоткон жок, аймактагы адамдар шаарга келип-кетип эле жүрүшөт. Казакстанда посттор боюнча чечим чыгарылды. Биз көчүргөндү жакшы көрөбүз го.

Муну менен бирге Бекешев жеке бала бакчалар имараттарынын ижара акыларын төлөй албай, жабылганга аргасыз болушканын билдирди.

- Минтип отурсак көптөгөн жеке бала бакчалар жабылып калат, - деп белгиледи эл өкүлү. - Сураныч, жеке бала бакчаларга, окуу курстарына, автомектептерге иштегенге уруксат бергиле. Тыюунун өзүн да түшүнбөйсүң, кафелерде 49 киши чогулса болот, ал эми автомектепте болбойбу?

Медина Купсулдаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх