Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Строкова өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү орус тилин жакшы түшүнбөйт го деп шекшиди

Парламент мүчөсү Алмасбек Абытовго мындай сабатсыз документ менен кабминди уят кылбоого чакырды

ЖК депутаты Евгения Строкова парламенттин жыйынында өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытовду расмий тилин жакшы түшүнбөйт го деп айыптады.

- Эгерде орус тилин жакшы түшүнбөсөңүз, мен сиз үчүн атайын котормолорду даярдап тура алам, - деди эл өкүлү. - Мен 5инде жерлерди басып алуу тууралуу маалымат менен чыккам. Сиз кайдагы бир түшүнүксүз нерселерди жазып, мэрияга жиберип коюптурсуз. Мэрия да сиздикине окшогон чала сабаттуу документти жөнөтүптүр. Өлкөдө эмне болуп жатканына сизге эмне баары бирби? Эмне деген мамиле бул? Сиз өкмөттүн Жогорку Кеңештеги жүзүсүз. Талаптагыдай жооп берип, керектүү чараларды көргүлө. Өзүңүз менен кошо өкмөттү шылдың кылбагыла.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх