Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Никитенко: Баа жеткис сүрөттөрдү уурдагандар келтирген зыяндын ордун толтуруп берелик деп отурушат. Ал эми Нарында жаңы төрөгөн энелерге дароо кылмыш иши козголду

Парламент мүчөсү Кыргызстанда кош стандарт жүрөрүн айтып чыкты

Кыргызстанда эчактан бери кош стандарттар иштеп келет. Бул тууралуу парламенттин жыйынында ЖК депутаты Наталья Никитенко айтып чыкты.

- Өзгөчө оор кылмыш жасаган кылмышкерлер көп учурда жазадан кутулуп кетишет, - деди ал. - Тергөө учурунда болобу же ал тургай соттун чечиминен кийин да. Кимдир-бирөө өз учурунда баа жеткис сүрөттөрдү уурдап алып, эми болсо келтирген зыяндын ордун толтуруп берейин деп отурат. Чынында бул дээрлик мүмкүн эмес да. Бирок, жоопкерчиликтен баары бир кутулуп кетип жатат. Ал эми, ошол эле маалда өлкөдөгү саламаттыкты сактоо системасындагы чаржайыттыктын айынан оорукана деп айтууга тилиң барбаган жайдан чыгып кеткиси келген жаңы төрөгөн энелерге каршы сотко чейинки өндүрүш баштап коюшту. Мына, биздин азыркы кейпибиз ушул.

Эл өкүлү Нарын облустук ооруканасы мышык ыйларык абалда экенин баса белгиледи.

- Болуп көрбөгөндөй антисанитария, - деди Никитенко. - Андай шартта айыгып чыкмак турсун, башка бир илдетти жуктуруп чыгарың турган иш. Мына-мына көз жарам деп турган кош бойлуу аялдарды түшүнсө болот..

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх