Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канат Хасановдун соцтармактагы кайрылуусунан кийин ИИМде аны суракка чакыруу оюнан кайтып калышты

«Башка бир күнү деп жазып коюшту»

«Чоң Казаттын» лидерлеринин бири Канат Хасанов ИИМге суракка чакырылбай калды. Бул тууралуу ал Фейсбук социалдык тармагындагы жеке баракчасына жазды.

«Мени саат 5ке чакырышкан, бирок, Фейсбукка бул тууралуу жазганымдан кийин ИИМнин Башкы тергөө башкармалыгы оюнан кайтып, мени чакырбай калышты. Бул күнү эмес, башка бир күнү деп жазып коюшту», - деп ал түз эфирде бөлүшкөн.

Ошондой эле Хасанов болжолдуу ошол эле маалда анын «досу жана кесиптеши» Бакыт Жумашев ага каршы депутат Кубанычбек Жумалиевдин атынан жазылган арызды алып келип, каттаган. «Чоң Казаттын» лидерлеринин бири берилген материалдардын негизинде кылмыш ишин козгоого болоруна шектенип, бул боюнча эл өкүлүнө кайрылган.

«Троллдорду, каналдарды жалдап эмне эле кыйналып жатасыз? – деген Хасанов. - Жаныңарды коёлук, кудай жалгасын. Капиталдарыңарды мыйзамдаштыргыла, төлөчүнү төлөгүлө, айыбыңарды мойнуңарга алгыла. Салыктарды төлөп, бейкапар жашагыла, алар менин чөнтөгүмө эмес, пенсия, пособияларды төлөгөнгө кетет. Эмнеге эле тырмышып жатасыңар түшүнбөйм, эч нерсе колуңардан келбейт. Кандай иштеп жатканбыз, ошондой эле уланта беребиз биз».
Сөзүнүн жыйынтыгында ал Сыймык Жапыкеев да азырынча суракка чакырыла электигин кошумчалаган.

Эске салсак, буга чейин Канат Хасанов ИИМге күбө катары суракка чакырылган.

Ага чейин Vesti.kg ЭКККМК Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаганын жазган. Башкы прокуратура ЭКККМККылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «мыйзамсыз баюу» жана «кызмат адамынын ишкердик ишине мыйзамсыз катышуу» беренелери боюнча каттаганын маалымдаган.
«Аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жумалиевдин уставдык капиталда үлүшү бар жана өзү негиздөөчүсү, ошондой эле жетекчиси болгон кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөр аныкталган. Ошондой эле Жумалиевдин жакын туугандарына таандык көп сандагы мүлк аныкталган», -деп жазылган финполициянын маалыматында.
Ал эми депутат өзү милицияга Сыймык Жапыкеевге каршы арыз менен кайрылып, колуна Куран китебин кармап, эч качан коррупцияга аралашпаганын айткан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх