Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Калича Умуралиева: «Мени эч ким камаган жок»

«Шаардык сейил бактар» МИнын башчысы ал пара боюнча иште күбө экенин тактады

«Шаардык сейил бактар» Муниципалдык ишканасынын башчысы Калича Умуралиева кармалган эмес, бирок, сурак материалдарын жарыялабоо боюнча тил кат жазып бергендиктен, пара боюнча иштин чоо-жайын айтып бере албайт.

«Мен сурак материалдарын жарыялабоо боюнча тил кат жазып бердим, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Аман-эсенмин, мени эч ким кармаган жок. Мен болгону күбөмүн».

Эске салсак, кечээ АКИpress күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып, УКМКнын кызматкерлери Калича Умуралиеваны 80 миң сом өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен кармашканын жазып чыккан эле.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы бул боюнча маалыматтары жок экенин Vesti.kg сайтына билдирген, бирок, Иван Панфилов атындагы сейил бактын кызматкерлери маалыматты ырастап, паркта тергөө амалдары жүрүп жатканын айтышкан.

Кийинчерээк Калича Умуралиеванын жактоочусу Эрик Ирискулбеков журналисттерге Умуралиева кармалбаганын билдирип, ага каршы козголгон кылмыш иши менен тааныша электигин кошумчалаган.

Kaktus.media агенттиги ишкананын башчысы менен анын жактоочусу УКМКнын Бишкектеги башкармалыгына барышканын, ал эми Умуралиеванын иш бөлмөсүндө чындыгында эле тинтүү жана башка тергөө амалдары жүргүзүлгөнүн жазып чыккан.
Калича Умуралиева өзү басылмага ага каршы «Коммерциялык сатып алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгону тууралуу токтом менен тааныштырышканын белгилеген.

«Арызды «Ынтымак» багында коммерциялык түйүн орнотууну каалаган Тажибаев аттуу бир жаран жазган экен, - деп Умуралиева Kaktus.media басылмасына билдирген. - Ал эки айга 50 миң сом төлөгөн, бул каражаттар мыйзамга ылайык катталган. Келишим боюнча мен эки ай үчүн төлөм ала алам. Кылмыш иши эмнеге козголду түшүнбөйм».

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх