Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте учурда эки митинг жүрүүдө: бири Атамбаев үчүн, экинчиси ага каршы

Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында мурдагы президенттин тарапташтары менен каршылаштары чогулду

Бишкекте Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында учурда бир маалда эки митинг жүрүп жатат- бири мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдоо боюнча, ал эми экинчиси - ага каршы.

Соттун имаратынын алдында онго жакын аялдар дал Атамбаевдин президенттиги учурунда өлкөдө коррупция гүлдөгөнүн, ошондуктан анын орду түрмөдө экени жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышкан. Алар «Атамбаев камалсын» деп кыйкырышууда.

Өз кезегинде КСДПнын мурдагы мүчөсү Адил Турдукулов журналисттер менен Атамбаевге каршы митинг бийлик тарабынан уюшулду го деген пикирин бөлүштү

«Элдерди бири-бири менен атайын кагылыштырып, бул ишке дагы көп көңүлду бурдуралык деп жатышат», - деген ал.

Соттун имаратына Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары менен унаа келип токтотду. Соттолуучулардан башка сотко эч кимди киргизбей жатышат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх