Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тергөөдө Бабановго суроолор калган жокпу? ЭКККМ экс-премьерди күбө катары суракка экинчи ирет чакырганы белгисиз

«Финполдо» ошондой эле мурда «Кыргызстан» банкына тиешелүү болгон 16 мүлк камакка салындыбы-жокпу жооп беришкен жок

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финполиция) Vesti.kg сайтынын президентикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов күбө катары жүрүп жаткан «Кыргызстан» банкына байланыштуу иш учурда кайсы баскычта экени тууралуу суроосуна жооп берүүдөн баш тартышты.

Финполиция экс-премьер аталган иш боюнча экинчи жолу суракка чакырылганбы-жокпу да ачыктаган жок.

Муну менен бирге ЭКККМК 2019-жылдын 11-декабрында “Финпол мурда «Кыргызстан» банкына тиешелүү болгон 16 турак эмес жайларды камакка алат экен” деген маалымат боюнча да үн катуудан баш тартып койду.

Vesti.kg сайтына өздүк булактар билдиргендей, Финполиция 3-декабрда тергөөчү судьяга мурда «Кыргызстан» коммерциялык банкына тиешелүү болгон мүлктү камакка алуу боюнча өтүнүч киргизген. Турак эмес ал жайларда тинтүү жүргүзүлгөнү дагы маалмдалган.

Банктын негизги акционери экс-премьердин бир тууган эжеси Бакен Бабанова болуп саналат.

Эске салсак, «Кыргызстан» АКБсына байланышкан иш өтөн жылдын апрель айында козголгон. Каржы полициясына банктын акционерлери кайрылган. Өмүрбек Бабанов ал маалда Россияда жүргөн.

Президентикке мурдагы талапкер Кыргызстанга 2019-жылдын 9-августунда узак убакыттан кийин кайтып келген. Өмүрбек Бабанов 19-августта биринчи ирет ЭККМКда сурак берген. ЖКнын экс-депутаты суракка күбө катары чакырылганы айтылган.

Белгилүү болгондой, президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо алдындагы теледебаттарда, түз эфирден коррупция менен күрөштү Өмүрбек Бабановдун өзүнөн баштай турганын айткан. Бабанов мекенине кайтып келгенден кийин коомчулук менен социалдык тармактарда “Бабанов бийлик менен келишип алыптыр” деген сөз байма-бай айтылып баштаган.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх