Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Милиция бизди эмес, Бороновду коргоп жатат». Чек арада жашаган айылдын жашоочулары алар менен жолукпай кеткен вице-премьерге нааразы (видео)

Аткаминер дароо эле Өзбекстандын премьер-министри менен жолугушуу үчүн жөнөп кеткен

Өзбекстандын Сох анклавындагы жарандар менен чырдашкан Баткен облусунун Чечме айылынын жашоочулары окуя болгон жерге келген биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов алар менен жолукпай кеткенине нааразы болушууда.

Фейсбук социалдык тармагында күбөлөр жеринде тарткан видео тарап жатат.

Видеонун автору Боронов кыргызстандыктардын көйгөйлөрүн укпай туруп, өзбек тарап менен жолугушууга кирип кеткенин айткан.

Мындан сырткары, ал жакка тартип коргоочулары барып, чогулган жергиликтүү элди таратып, кууп жатканы белгиленген.

«200гө жакын адамдар турат, милиция кызматкерлери бизди кууп, сабаган жатышат. Аларды бизди коргоо үчүн эмес, Бороновду коргоо үчүн алып келишкен», - деген айылдык тургун.

Эске салсак, кечээ кыргыз-өзбек чек арасында эки өлкөнүн чек аралаш айылдардын жашоочуларынын ортосунда жаңжал чыккан.

Чырдын жүрүшүндө адамдар бири бирине таш ыргытышып, Кыргызстандын 25 жараны ооруканага түшкөн.


Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх