Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-депутат Каныбек Осмоналиев УКМКнын кызматкерлери аны кармаган күнү кантип алдашканын айтып берди

Абактагы саясатчы Садыр Жапаровду митингде атайын даярдалган чагымчылдар тузакка түшүрдү деп эсептейт

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, «бийликти күч менен басып алууга» шектелип кармалган физика-математика илимдеринин доктору, профессор Каныбек Осмоналиев Vesti.kg сайтына эксклюзидүү маек берди.

Эске салсак, мурдагы эл өкүлү абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары үстүбүздөгү жылы 2-мартта Ала-Тоо аянтында уюштурган митингден кийин кармалган. Нааразычылык акциясы митингчилердин таратылышы менен аяктаган.

УКМКнын СИЗОСунда күнүңүздү кантип өткөрүп жатасыз?


Камактагылардын бардыгындай эле. Бул жакта атайын нускама боюнча тартиптер орнотулган. Мага да башкалар өңдүү эле күн сайын УКМКнын Тергөө абагында тыкыр көзөмөлдөнгөн аймагында бир сааттык сейилдөө берилет.

Учурда окумуштуу катары физика боюнча Нобель лауреттарынын тарыхы боюнча илимий эмгегимдин 2-томун жазып жатам. 1-том өткөн жылдын октябрь айында чыккан. Көркөм адабияттан көп окуйм. Маалымдама материалдардын жоктугунан башкы «хоббим» - конденсацияланган чөйрө физикасын илимий-популярдуу жанр форматында баяндаганга аргасыз болуп жатам. Албетте, УКМКнын СИЗОсу курорт эмес. Жупуну шарттарга шүгүр кыласың.

Үй-бүлөңүз менен жолугууга мүмкүн болдубу? Кезигигүүгө уруксат берилеби?

Ооба, бирок, тилекке каршы, анда-санда гана. Муну тергөөчү чечет. Мен 2020-жылдын 2-мартында кармалдым, ошол убакыттан бери мага 16-мартта жана 15-майда жубайым жана кызым менен жолугушууга мүмкүндүк беришти. Бирок, менин билишимче нускама боюнча бир айда эки жолу жолугушуу берилиши керек.

Сиз кантип кармалдыңыз, ошол тууралуу айтып берсеңиз? Сизге бул күтүүсүз болдубу?

Ал күнү, 2020-жылдын 2-марты, дүйшөмбү күнү мени УКМКнын эки кызматкери үйүмдөн, кечки саат 19:15те кармап кетишти. Мен ошол маалда саясий ишмер Садыр Жапаровдун тарапташтарынын тынчтык митингинде модератор катары Ала-Тоо аянтында трибунада көп убакыт туруп, абдан чарчагандыктан жүрөгүм ооруп, дары ичип жаткан элем. Ал кызматкерлер мени милициянын сөзүнө баш ийбей, үйлөрүнө тарабай жаткан айрым жаштарга акыл-наасатымды айтып коюумду суранышкан. Мен эч кандай шегим жок эле алар менен барууга макул болдум. Мени менен кошо 19 жаштагы кызым дагы барган. Бирок, бизди тез эле УКМКнын имаратына алып келишти. Мени тергөөчүнүн иш бөлмөсүнө киргизишти. Түн ичинде жактоочумду чакыруу укугумду колдоно аларымды айтпастан, күбө катары сурак ала башташты. Сурак бергенден кийин гана мага жактоочу беришип, шектенүү тууралуу билдирме тапшырышты. Андан кийин түнкү саат 1:20да мени УКМКнын СИЗОсунун алдын ала камак камерасына камап коюшту. Мындай мыйзамсыз камакка алуу мен үчүн таптакыр күтүүсүз болду! Дагы деле түшүнбөй жатам

Сиз президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жазып, бийликти басып алуу ниетиңизде жок болгонун айткансыз. Митингчилер Ак үйгө бет алышат деп ойлодуңуз беле?

Ооба, мен КРнын президентинин өзүнө ачык кат менен кайрылгам. Анткени, тергөө органдарынын мага карата сотко чейинки амалдары толугу менен бир тараптуу жүрүп жатат деп эсептейм. Бул амалдар жөнүндө сиздерге менин жактоочуларым төкпөй-чачпай айтып бере алышат. Азыр президенттин реакциясын күтүп жатам. Ошондой эле Акыйкатчыга арыз жазып, менин ишимди өз көзөмөлүнө алып, медициналык көрсөтмөлөр боюнча баш коргоо чарамды өзгөртүүгө жардам берүүсүн сурангам. Бул боюнча бардык керектүү медициналык документтер бар, алар тергөөчүгө буга чейин эле жөнөтүлгөн.

Бийликти басып алуу боюнча сөз да болгон эмес! Бул айрым “ишмерлердин” ашкере бай фантазиясы.

Эмне үчүн сиз аянттан башка митингчилерден эрте кеттиңиз эле? Өлкө башчысына жолдогон кайрылууңузда башаламандык башталганда сиз ал жакта жок болгонуңуз айтылган.

Мен өз эрким менен «модератор» болуп, бул үчүн эч кандай акы алган эмесмин. Чогулуш эркин форматта жүргөн, элдер каалаган маалда келип-кетип жатышкан. 100 пайыз тынчтык митинги болчу! Биздин бардык аракеттерибиз алдын ала Бишкектин Ички иштер башкы башкармалыгы менен сүйлөшүлүп, ИИМнин 10-Башкармалыгы менен макулдашылган. Борбор калаанын мэриясына да алдын ала кат жибергенбиз. Биз башка дагы эмне кылышыбыз керек эле? Биздин өлкөнүн Конституциясын жана башка мыйзамдарын кынтыксыз сактоо менен иштерди жүргүзгөнбүз. Биздин талаптар - абактагы Садыр Жапаровдун укуктарынын сакталышы гана болчу!

Тынчтык жүрүшүндө көп саат тынымсыз модератор болгон соң мен бейкапар башка адамга бул милдетти тапшырып, дары ичүү үчүн аянттан үйүмдү көздөй жөнөгөм. Мен тараптан кандай кылмыш белгилерин табышты, мага түшүнүксүз. Айрым күчтөр башкаларды коркутуу үчүн мени үлгү катары жазалап койгусу келип жаткандай туюлуп жатат. Айла жоктон күлөсүң! Митингден кийин орун алган башаламандыкты атайын даярдалган чагымчылдар уюштурду. Бирок, эмнегедир биздин күч түзүмдөрүбүз буга эч кандай аракет көрүшкөн жок. Бул деле кылмыш да! Алар мыйзам тарабынан белгиленген чараларды көрүшү керек болчу! Тилекке каршы, андай болгон жок жана ал абалды чагымчылдар колдонуп кетишти.

Сизге каршы козголгон кылмыш иши кандай аяктайт деп ойлойсуз? Качан эркиндикке чыгам деп ойлойсуз?

Бул суроолор, тилекке каршы мага эмес. Аны УКМКнын тергөөчүсүнөн сурагыла. Мен өзүмдүн эч кандай күнөөм жок экенин гана так кесе айта алам! Мен өз чындыгымды сотто далилдеп берем. Чындык жеңет деп ишенем!

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх