Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаты: Армениянын премьери үйүнөн иштеп жатат, ал эми биздин Абылгазиев эс алганы кетти. Муну кантип түшүнсө болот?

Максат Сабиров өргүүгө кеткен премьер чек арага өзүнүн ордуна орун басарларын жиберип жатканын кескин сынга алды

ЖК депутаты Максат Сабиров парламенттин жыйынында азыркыдай оңой эмес кырдаалда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чек арага орун басарларын жиберип коюп, өзү эс алып жатканы туура эмес деди.

- Мен бир нерсени түшүнбөй жатам: жакында эле кыргыз-тажик чек арасында, 31-майда Өзбекстан менен чек арада жаңжал орун алды, биз Өзгөчө кырдаал режиминен чыга элекпиз, - деди эл өкүлү. - Биздин премьер кайда? Кечээ Армениянын премьери Пашинян коронавирус жуктуруп алганына карабай, үйүнөн иштей турганын билдирди. Ал эми биздиин премьер эс алганы кетти. Муну кантип түшүнсө болот? Менимче, бул боюнча Жогорку Кеңеш, көпчүлүк коалициясы реакция кылышы керек. Азыр ал жерлерге орун басарларды жибере турган мезгил эмес. Эл алдында кийин биз бул үчүн жооп беребиз.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх