Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын өкмөтү: Кубатбек Боронов Өзбекстандан кечирим сураган эмес

Кабминде биринчи вице-премьер Өзбекстандын премьери менен жолугушуу учурунда болгону болгон окуяга өкүнүчүн гага билдиргенин белгилешти

Кубатбек Боронов Өзбекстандын премьер-министри менен сүйлөшүү учурунда алардан кечирим сураган эмес. Кыргызстандын өкмөтү Vesti.kg редакциясына ушундай жооп кайтарышты.

- Чек ара маселесин талкуулоо учурунда Кубатбек Боронов боордош Өзбекстандын эли өзгөчө пандемиянын шартында жарыяланган карантиндин талаптарына байланыштуу өлкөбүзгө кирип-чыгууда чектөөлөргө туш болуп жатканын өкүнүч менен белгилеген, - деп жооп беришти өкмөттүн аппаратында. - Азырынча кыргыз тарап Өзбекстандын өтүнүчүн аткара албайт, бирок, коронавируска байланышкан абал турукташкандан кийин, эки тараптуу кызыкчылыктарыбызды жана эл аралык милдеттенмелерди эске алуу менен ал боюнча чечим кабыл алууга даяр.

Өкмөт ошондой эле кыргыз тарап коңшу өлкө менен кылымдардан бери уланып келе жаткан достук жана шериктештик мамилени эске алып, азык-түлүк, медициналык багыттагы жана биринчи керектөөдөгү товарларды жеткирүү үчүн өзбекстандык автоунаа жана аба транспортторунун тоскоолдуксуз киришин камсыздап жатканын белгиледи.

- Мындан сырткары, Соң анклавында жашаган Өзбекстандын жарандарын да өткөрүп жатышат, - дешти кабминден. - Азыркыдай оор кырдаалда бири-бирибизге колдоо көрсөтүү абдан маанилүү. Кубатбек Боронов кечирим сураган эмес, ал болгону өкүнүчүн гана билдирген.

Эске салсак, буга чейин парламенттин жыйынында ЖК депутаты Закир Шарапов “Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кубатбек Боронов менен сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин кыргыз бийлиги Өзбекстандан кечирим сураганын айтты” деген.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх