Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экс-генпрокурор: Молдомуса Конгантиев үчүн кубанычтамын. Бул иште аны жабырлануучу деп эсептейм

Бирок, Апрель революциясынын баатырлары ИИМнин мурдагы башчысын актоо өкүмүн күчүндө калтырган Жогорку соттун чечимине нааразы

Жогорку соттун коллегиясы ылдыйкы инстанциялардын ИИМнин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиевге карата чыгарышкан актоо өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов маалымдады.

Ал ортодо Апрель революциясынын баатыры жана «Мекен шейиттери» коомдук кыймылынын мурдагы төрагасы Осунбек Жамансариев соттор Конгантиевдин ишине башынан эле бир беткей мамиле жасап келишкенин Vesti.kg сайтына билдирди.

Генералды “Шалаакылык” жана “Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу” беренелери боюнча гана соттоп жатышкан, андыктан аны актоо өкүмүнүн күчүндө калтырылышы күтүүсүз деле болгон жок, - дейт Жамансариев.

- Бул күтүүсүз деле болгон жок, - деди ал. ИИМнин БТБ тергөө учурунда айыптоонун айрым беренелерин алып салып, “Шалаакылык” жана “Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабууну” калтырып коюшкан. Териштирүү бир тараптуу жүрдү.

Ал эмне үчүн Эльмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов, Каныбек Жороев, Оксана Малеваная жана башка апрель окуялары боюнча иштин фигуранттары күнөөлүү деп табылышып, ал эми Конгантиев “Шалаакылык” беренеси боюнча гана каралганын түшүнбөйт.

Ал эми 7-апрель окуялары боюнча иштин дагы бир фигуранты, экс-генпрокурор Эльмурза Сатыбалдиев Конгантиев үчүн кубанып жатканын Vesti.kg сайтына бөлүштү.

- Мен ал үчүн абдан кубанычтамын, - деп белгиледи Сатыбалдиев. - Башынан эле ага каршы иш козгоого каршы болчумун. Аны бул иште жабырлануучу деп эсептейм.

Эске салсак, Молдомуса Конгантиевге каршы кылмыш иши 2020-жылы козголгон. Ал КРнын Жазык кодексинин “Шалаакылык” жана “Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу” беренелери боюнча айыпталып жаткан.

2019-жылы Биринчи май райондук соту генерал Конгантиевди кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу актаган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх