Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бийликке кулак кагыш. Кыргызстанда биринчи онлайн-митинг өтөт (фото)

Жарандык активисттин пикиринде бул иш-чара көчөдө өткөн чыныгы нааразычылык акцияларындай натыйжалуу болбойт

Кыргызстанда 5-июнда биринчи жолу «#Тажадым» урааны алдында онлайн-митинг өтөт. Нааразычылык акциясына катышууга чакырык социалдык тармактарда тарап жатат.

Митингдин катышуучулары бийликтин чек арадагы аракеттерине, блогер жана укук коргоочуларга көрсөткөн кысымына, ошондой эле карантинден кийинки каатчылыктан чыгуу үчүн көрүшкөн натыйжасыз чараларына каршы чыгууга пландашууда.

Митингге катышуу үчүн белгиленген убакытта социалдык тармактардагы айрым аккаунттардын түз эфирине кошулуу зарыл.

Ал ортодо жарандык активист Адил Турдукулов жарандардын жок дегенде ушундай формада өз көз караштарын билдирүү ниеттерин колдоорун, бирок, онлайн-митингден чоң жыйынтык күтүүнүн кереги жок экенин да белгилеп өттү.

Кандай болгон күндө да, жарандардын интернетте билдирген дагы нааразычылыктары бийлик үчүн кулак кагыш болушу керек, - деди ал Vesti.kg сайтына. -Карантин маалындагы бийликтин чабал реакциясы жана айрым маселелер боюнча бузуку чечимдер элдин кыжырын кайнатты, анткени, көп адамдар күнүмдүк кирешеси жок отуруп калды. Ооба, мындай абал бүтүндөй дүйнөдө түзүлжү, бирок, биздин өлкөдө таянчу эч нерсе жок. Бизде ал тургай карантин маалында коммуналдык кызматтардын акыларын да азайтышкан жок. Эл кандайдыр-бир жол менен өз нааразычылыгын билдириши керек болду, жок дегенде интернет аркылуу.

Турдукулов интернеттеги митин чыныгы нааразычылык акциясына баары бир жетпесин кошумчалады.

- Мындай онлайн-акциялар, мисалы Россияда өткөн, - деди ал. - Бирок, аларга кандайдыр бир реакция деле дээрлик болгон эмес. Анткени, көчөдөгү митингге чыгуу - бул тобокелдикке салуу. Пикетке чыгуу үчүн чечкиндүүлүк керек.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх