Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сагынбек Абдрахманов: Тазаланган КСДП 2020-жылдын парламенттик шайлоолоруна катышат (видео)

Саясатчы партиялык тизмеде Жээнбеков, Өмүркулов же Турсунбеков болбойт деди

Альтернативдик КСДП партиясынын лидери Сагынбек Абдрахманов 2020-жылдагы парламенттик шайлоолорго катыша турганын жарыялады.

Vesti.kg сайтына берген маегинде ал КСДП партиясынын мүчөлөрүнүн чогулуштары башталганын айтып берди.

- Эл биздин партиябыздын тизмесинен Чыныбай Турсунбеков, Иса Өмүркулов, Асылбек Жээнбеков же Төрөбай Зулпукаров сыяктуу фамилияларды көрүшпөйт, - деп баса белгиледи ал. - Анткени, келе жаткан шайлоодо уурулардан, казынаны тоногондордон жана коррупционерлерден арылган жаңы КСДП катышат. Азыр биз КСДП менен шайлоого барууну каалаган башка саясий партиялар менен жана коомдук бирикмелер менен сүйлөшүп жатабыз. Чогулуштарыбызды баштадык. Үстүбүздөгү жылдын май айында Чүй облусунун Москва районундагы партиянын мүчөлөрү менен кезиктик, жакынкы күндөрү Сокулук районунда дагы өткөрмөкчүбүз.

Мындан сырткары, Абдрахманов бүгүн Фейсбук социалдык тармагында видео кайрылуу жүктөп, анда партияга өзүнүн кызыкчылыктары үчүн качандыр-бир кошулган адамдардан арылганын айтып берген.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Читайте нас в Telegram, только самое важное!
Узнать больше: https://vesti.kg/politika/item/72063-sagynbek-abdrakhmanov-ochishchennaya-sdpk-budet-uchastvovat-v-parlamentskikh-vyborakh-2020-goda-video.html - Сагынбек Абдрахманов: Очищенная СДПК будет участвовать в парламентских выборах 2020 года (видео) - VESTI.KG - Новости Кыргызстана

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх