Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коррупцияга айыпталып жаткан Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы үй камагына чыгарылды

Мындай чечимди сот кечээ, 3-июнда чыгарган

Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Отурум кечээ, 3-июнда Октябрь райондук сотунун судьясы Болотбек Абдуллаевдин төрагалыгы алдында өттү.

Мындай чечим «Айхан» компаниясына 7 миллион сом, башкача айтканда болжонгон зыяндын 40 пайызы төлөнгөнүнөн улам кабыл алынганы белгиленди. Мындан сырткары, Айбашевдин ден-соолугу начарлап кеткен.

Эске салсак, Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев 2018-жылдын май айында кармалган. Ал бажы кызматында 2016-жылдан бери иштеп келген. ЭКККМК аны мамлекетке 116 миллион сом чыгым келтирди деп айыптаган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх