Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ата Мекенге» «Ак Шумкар», КЛДП жана башка бир нече саясий ишмерлер кошулду

Шайлоого жаңы бирикме Текебаевдин партиясынын атынан ат салышат

«Ата Мекен», «Ак Шумкар», «Жаңы Дем», КЛДП, ошондой эле депутат Рыскелди Момбеков жана «Жашыл экономика үчүн» кыймылынын мүчөсү Азамат Темиркулов келе жаткан парламенттик шайлоого бирге бармай болушту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КЛДП партиясынын мүчөсү Элдар Абакиров бөлүштү.

- Биз саясий күчтөрдүн бирикмесин түздүк, бирок, биздин эшик коррупцияга, жердешчиликке каршы чыгып, Кыргызстандын демократиялык коомчулуктун өнүгүшү үчүн жан үрөгөндөрдүн бардыгына ачык, - деп белгиледи ал. - Шайлоого биз «Ата Мекен» партиясы менен барабыз.

Эске салсак, депутат Рыскелди Момбеков жакында эле КСДП партиясынын катарынан чыгып кеткен.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх