Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Жумабеков: Төрага болордун алдында Атамбаевге анын кылмыштарын жаап-жашырууга даяр эмес экенимди айткам

ЖКнын төрагасы депутаттардын учурдагы чакырылышы эч кимден, анын ичинде Жээнбековдон да коркпостон экс-президенттердин статусу жөнүндө мыйзамды өзгөрткөнүнө сыймыктанат

Парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков “5 каналга” маек куруп, анда кызматына келердин алдында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге анын кылмыштарын жаап-жашырууга даяр эмес экенин айтканын билдирди.

“Парламент - коллегиялык орган. Бардыгы добуш берүү жолу менен чечилет. Мен 3 жылдан бери төрагалык болуп иштеп жатам. Учурдагы парламент эбегейсиз чоң эмгектерди жасады деп айта алам. Балким, биз тарыхта калабыз. Биз 28 жылдан бери чечилбей келе жаткан социалдык маселелерди чече алдык. Сооронбай Шарипович президентикке келгенде коррупция менен күрөшөрүн айткан. Бул парламент үчүн да чоң түрткү болду. Бүгүнкү күндө экс-министрлер, экс-мэр, экс-депутаттар соттолууда.

Экс-президенттердин статусу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргиздик. Мурда президенттер 6 жыл иштеп, кийин экс-президент статусун алгандан кийин анын мурдагы иштеринин бардыгы унутулуп калчу. Биз бул жагдайды жеңилдеттик - эми мурдагы президенттерди, эгерде ал өз кезегинде мамлекетке кыянаттык кылса, анын мөөнөтү аяктаган күндүн эртеси эле суракка чакырса болот. Бул мыйзамга Сооронбай Шарипович өзү кол койду. VI чакырылыштын депутаттары бул мыйзамды ким эмне дейт, президент кандай ойдо болот деп коркуп-үркпөй жазып чыгышты. Мен бул чакырылыш менен сыймыктанам.

Мен 2017-жылы төрага болуп шайландым. Ага чейин Алмазбек Шаршенович менен жолуккам. Мен ага эгерде парламент мени колдосо эл үчүн таза иштей турганымды айткам. “Мен таза иштөөгө даярмын. Сиз, Алмаз Шаршенович же сиздин команда жасаган кылмыштарды жаап-жашыруу үчүн төрага болуу ниетим жок”, - деп төраганын айтымында ал Атамбаевге айткан.

Төраганын туугандары ар кандай түзүмдөрдө иштеп жатканы боюнча берилген суроого Дастан Жумабеков бул үчүн анын ал туугандары бийликке кайсы жылдары келишкенин карап көрүү зарыл экенин айтып жооп берген.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх