«Мына ушундай күжүрмөн маанай». Дастан Бекешев ЖКнын жыйыны учурундагы бош залды көрсөттү (видео)
Бүгүн эл өкүлдөрүнүн күн тартибине 15 маселе коюлган
ЖК депутаттарынын көбү кезектеги жолу пленардык жыйынга келбей коюшту. Жогорку Кеңештин бош жыйындар залын көрүүгө болгон видеону депутат Дастан Бекешев социалдык тармакка жүктөгөн.
«Мына ушундай бизде күжүрмөн маанай», - деп жазган парламент мүчөсү.
Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин күн тартибине 15 маселе коюлган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз