Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаков тарых музейине байланышкан иш боюнча 18 жылга эркинен ажыратылды

Жактоочу сотту “спектакль” деп атам, судья мурдагы премьерге акыркы сөз да бербей койгонуна нааразы болду

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Бакытбек Автандил билдирди.

Анын айтымында, сот Исаковду 247 миллион 650 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Автандил ишти «соттук-саясий спектакль» деп атады.

- Судья 18 жыл эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды, - деди адвокат. - Негизи, бул күтүүсүз деле болгон жок. Бул саясий-соттук спектаклдин бардыгы Исаковду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн уюштурулган. Биз өкүмгө макул эмеспиз жана саясий жүйө бар деп эсептейбиз. Биз доо арыз жазабыз.

Мындан сырткары, мурдагы премьердин жактоочусу Исаковго акыркы сөз берилбей калганына нааразы болду.

- Судья ага тараптардын жарыш сөзүнө даярдануу үчүн жетиштүү убакыт бербей койду, - деп белгиледи Автандил. - Бул мыйзам бузуу. Сот Сапар Исаковго акыркы сөз да бербей койду. Кантип нааразы болбойсуң.

Эске салсак, 2018-жылдын июль айында Сапар Исаковго Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу бюджеттик акчаны максатсыз пайдаланганы үчүн кылмыш иши козголгон. 307 миллион 650 миң сом зыян келтирилгени белгиленген.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх