Ташиев: Биз июнь окуяларында сепаратисттерди токтотуп калганбыз. Ошондон кийин гана бийлик аскердик күчтү жөнөткөн (видео)
Экс-депутат 2020-жылы Садыр Жапаров менен чогуу түштүктөгү башаламандыкты басышканын айтып берди
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев “Марал FM” радиосуна берген маегинде тарапташтары менен биргеликте 2010-жылы июнь айындагы түштүктө орун алган окуялардын жүрүшүндө сепаратисттердин ээн баштыгын кантип токтотканын айтып берди.
Ал өлкөдө мындай кагылыш болуп кетерин күтпөгөнүн белгилеген.
-Ал окуялар башталганда мен Бишкекте болчумун, - деп эскерген Ташиев. - Уккандан кийин дароо Садыр Жапаров менен чогуу, 10 унаа менен Ошко жөнөгөнбүз. Жолдон бизге элдер кошулуп отуруп, Ошко жеткиче 100 унаа болуп кеткен.
Саясатчы шаардын кире беришинде, Фуркат айылына аларды 5 миң адам тосуп алганын айтып берген.
- Биз элдин коопсуздугун сактап калышыбыз керек эле, - деп баса белгилеген Ташиев. - Фуркатка келгенибизде бизди шаарга кире албай турган 5000 киши күтүп жатыптыр. Сепаратисттер ок чыгарып, шаарга эч кимди киргизишпегенинен көп адамдар ал жакта мерт кетишкен. Биз баары бир Фуркат аркылуу 10 000 киши менен кирип, бийликти, эч кимди тоготпой, шаарга ээлик кылып, элди кыйнаган сепаратисттерге каршылык көрсөтүп, аларды жок кылганбыз. Мамлекеттик бийлик ошондо гана ойгонуп, милиция кызматкерлерин, аскерлерди жөнөткөн.
Ташиев өкмөттүн мүчөлөрүнүн бир дагы абалга баа бербегенин белгиледи.
- Мен эмне үчүн муну айтып жатам? Бул биздин тарых, биз менен барган бир нече бала ошондо көз жумду, жүздөгөн адамдар жарадар болчу. Азыркыга чейиин бул окуяларга эч ким баа бербей, иликтеген жок.
Фото жана видео www