Канатбек Исаев кайрадан «Кыргызстан» фракциясынын лидери болуп шайланды
Фракциянын депутаттары ЖКнын пленардын жыйынын тыныгуусу учурунда добуш беришкен
Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев кайрадан «Кыргызстан» фракциясынын лидери болуп шайланды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аталган парламенттик фракциянын мүчөсү Кубанычбек Нурматов билдирди.
- Бүгүн тыныгуу учурунда фракциянын жыйыны өтүп, депутаттар бир добуш менен аны шайлашты, - деди Нурматов.
Эске салсак, Канатбек Исаев 2015-жылдан 2016-жылга чейин «Кыргызстан» партиясы менен фракциясын башкарган.
Зулайка Эркимбаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз