Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тилек Токтогазиев өлкөнү башкарууга даярданып жаткан үч партиянын атын атады (видео)

«Ата Мекен» альянсынын мүчөсү келе жаткан шайлоо, Матраимовдун партиясы жөнүндө, ошондой эле эмне себептен саясатка аралашмакчы болгону туурасында да сөз кылды

«Ата Мекен» альянсына кирген жаш ишкер Тилек Токтогазиев «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партиялары туурасында маек курду.

Ал кайсы үч партия көпчүлүк коалициясын түзүп, кийинки беш жылда өлкөнү башкарууга даярданып жатышканын айтып берди.

«Матраимовдордун кланы болуп көрбөгөндөй күчтөнүүдө жана «Мекеним Кыргызстан» партиясы алардын саясий бирикмеси экенин бардыгыбыз эле жакшы билебиз.

Асылбек Жээнбековдун партиясы бар. Ал - «Биримдик». Анын партиясы бул шайлоодо административдик ресурсту пайдаланат. Ал эми «Мекеним Кыргызстан» акчанын күчүнө да салат. «Кыргызстан» партиясы дагы бар. Мына ушул үч партияга жеңебиз деп билек түрүп аткан чактары.

Алар көпчүлүк добушка ээ болуп, коалиция түзүп алып кийинки беш жыл өлкөнү башкарууга даярданышууда.

2023-жылга алар өзүнүн президентин да даярдап коюшу мүмкүн, ошондо биз 2028-жылга чейин мамлекетте эч кандай чоң өзгөрүүлөрдү күтпөй эле койсок болот десек болот. Бизге өзгөрүү болбосун түшүнүүгө ушул эки жыл деле жетиштүү болду», - деп бөлүштү ал.

Токтогазиев күздө өтө турган шайлоодо оппозициячыл партиялар да көп болорун белгиледи. Себеби - коомчулукта бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын жаңыланышын күткөндөр көп.

«RеАкция» менен чыгып көрдүк, бирок, эч кандай жыйынтык болгон жок, туура эмес сүйлөп алган сөздөрү үчүн блогерди алты жылга камайбыз деп атышат. Ал эми миллиондоп уурдагандарды байкашпайт.

Оппозицияда азыр оюнчулар көп, «Чоң Казат» кайдан-жайдан пайда болуп калды, мурдагы «Бүтүн Кыргызстан», «Бир бол» бар, ошондой эле Ташиев жана башка көптөгөн жаңы бирикмелер бар, анткени азыр жаңыланууну каалагандар көп», - деди Токтогазиев.

Тилек Токтогазиевдин толук маеги:

 Манас Кольбаев
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх