Каныбек Осмоналиев: СИЗОдо жалгыз мени калтырып коюшту. Мен оңой бута болдум окшойт
Садыр Жапаровдун тарапташтары уюштурган митингден кийин камакка алынган мурдагы депутаттын пикиринде учурда эл жана көптөгөн саясатчылар болуп көрбөгөндөй сестенип турушат
Vesti.kg «бийликти күч менен басып алууга аракетине» айыпталып жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиевдин бизге курган маегинин экинчи бөлүгүн жарыялайт. Саясатчы учурда УКМКнын СИЗОсунда кармалууда.
Эркиндикке чыккандан кийин Садыр Жапаровду колдоону, аны бошотууну талап кылууну улантасызбы?
Садыр Жапаров Жазык кодексинин өтө оор беренелери боюнча узак мөөнөткө соттолгон. Өз учурунда ал мурдагы бийликтин саясий куугунтугунун курмандыгы болду дешчү. Бирок, болору болду. Садыр Жапаровдун күнөөсү бардык инстанцияларда далилденип калды. Биз, анын тарапташтары соттордун чечимдерин моюнга алып, мамлекет башчыдан Жапаровду ырайым кылып же ага карата мунапыс колдонууну суранганбыз. Болгону ушул. Мен, албетте абалга жараша көз карашымды өзгөртүп же өз принциптеримден аттап кетпейм. Бул адамгерчилик маселеси. Садыр Нургожоевич болушунча азап тартты. Садыр түрмөдө отурганда атасы, апасы жана эң кейиштүүсү - күлгүн курагында уулу бул дүйнө менен кош айтышты. Бул ар бир эле адам көтөрө бербеген чоң кайгы. Биз адамбыз го, акыры. Садырга же мунапыс жарыяланып же ырайым берилиши керек.
Жапаровду колдоо митингинде модератор болууга макул болгонуңузга өкүнбөйсүзбү?
Жок. Эмнеге өкүнөм? Садыр Жапаров менен анын үй-бүлөсүнүн айлалары куруп турган эле! Мен Жапаровдун тарапташтарынын ага колдоо көрсөтүп, өлкөнүн жетекчилигинин назарын бул маселеге буруу боюнча бир нече мыйзамдуу, тынч иш-чараларда модератор болуп берүүгө чын ниетим менен макул болгом. Биздин бардык аракеттерибиз ачык жана мамлекеттин мыйзамдарын кынтыксыз сактоо менен жүргөн. 2109-жылдын 19-декабрында Горький атындагы сейил багында тынчтык митинги, «Достук» мейманканасында 15-февралда тегерек үстөл жана үстүбүздөгү жылдын февраль айында «Акипресс» агенттигинде коллективдик басма сөз жыйыны өткөн.
Бул иш-чаралардын жыйынтыгында бийлик тарабынан биздин дарегибизге эч кандай сындар айтылган эмес. Бардыгы тынч өтүп, тынч жыйынтыкталган, анткени, биз бул иш-чаралардын катышуучуларынын мыйзамдуу жана жай суранычтарын гана өйдө жакка жеткиргенбиз. Ал эми, үстүбүздөгү жылдын 2-мартына орун алган окуялар туурасында айтсам, ал тынчтык митингин бардыгыбыз ошого чейин өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыктоочусу катары карап, жарандардын өтүнүчтөрүн дагы бир жолу өлкө жетекчилигине, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарына жеткирелик дегенбиз. Ошондуктан, ал чогулуш жеке мен үчүн жана башкалар үчүн деле мурдагы митингде сыяктуу эле тынчтык акциясы болчу. Башкача ниет эч кимдин оюна деле келмек эмес. Тилекке каршы, айрым күчтөр баары бир абалдан пайдаланып, ошол бузуку чагымчыл аракеттерди уюштуруп жиберишти.
Ден-соолугуңузда көйгөй бар экени айтылып жатты эле. Медициналык тейлөөгө нааразы эмессизби?
Мен 64 жашка келдим. Убакыт баары бир өзүнүкүн бербейт экен. Жашарып жаткан жокмун да. Мурдатан эле жүрөгүм ооручу, медициналык мекемеден алынган расмий маалымкат да жүрөк оорум кооптуу экенин ырастайт. УКМКнын СИЗОсуна келгенде, албетте, эски илдеттеримдин бардыгы козголуп, күчөп кетти. Изолятордон мага диагностикалык иштерди уюштуруп беришти, чоң рахмат бул үчүн. Бирок, мен тез арада стационардык дарыланууга муктажмын, маселе ушунда болуп жатат. СИЗОдо мындай мүмкүнчүлүк жок. Бул жерде бир эле фельдшер эмгектенет.
Камакта отурганда саясатчылардан келип кабар алгандар болдубу?
Кызматына байланыштуу акыйкатчы Токон Мамытов келип кетти. СИЗОдогу кармоо шарттары туурасында баарлаштык. Үч айда ден-соолугум начарлап кеткени болбосо, мен тараптан башка доомат деле болгон жок. Белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев ЖМКдын беттеринен мага колдоо көрсөттү. Биз аны менен 1988-жылдан бери жакшы таанышпыз, бири-бирибизди түшүнөбүз. Азыр эл, ошондой эле көптөгөн саясатчылар болуп көрбөгөндөй сестенип турушат. Саясат талаасынан көптөгөндөр кетип калышты. Прагмативдүү жаштар алардын ордуна келишүүдө.
Садыр Жапаровдун үй-бүлөсү сизге колдоо көрсөтүп жатышабы?
Азыр алар өздөрү абдан кыйын абалда турушат, бирок ага карабастан мага моралдык жардам көрсөтүп жатышат. Чоң рахмат аларга! Мага алардан мындан башка эч нерсенин кереги жок. Кудай буюруп, президент Садырга ырайым көрсөтөөр. Мага ушул эле жетмек.
Камерада канча киши менен жатасыңар? Алар менен мамилеңер кандай болуп жатат?
Камерада эки кишибиз. Бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле кылабыз. Көп окуйбуз, ар кандай темаларда баарлашабыз.
СИЗОдо коронавируска каршы кандай чаралар көрүлүп жатат? COVID-19га тест тапшырдыңызбы?
СИЗОдо тартип катуу. Пандемияга каршы атайын медициналык иш-чаралар өткөрүлдүбү билбейм, чынында. Мен бул тууралуу, айтор эч нерсе билбейм. бирок, биздин камерада жана башка бөлмөлөрдө тазалык, тартип дайыма сакталып турат. Өзүбүз жыйнайбыз. Коронавируска тест азырынча өткөрүшө элек.
Буга чейин сиз айрым күчтөрдүн башкаларды сестентиш үчүн сизди атайын жазалоо ниети бар болушу мүмкүн деп болжодуңуз эле. Эмне үчүн сизди тандашты деп ойлойсуз?
Учурда УКМКнын СИЗОсунда март окуясы боюнча кармалгандардан жалгыз мен калдым. Калгандары үй камагына чыгарылды. Алардын ичинде митингде камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун абалы боюнча сөз кылбай, ээнбаштыкка жол берген митингдин катышуучулары дагы бар. Модератор катары колумдан келишинче аларды тартипке чакырып жаттым. Митингден тартылган видео жазуулардан көрсө болот. Жыйынтыкты эми өзүңөр чыгарып көргүлө.
Мен көп жылдык тажрыйбасы бар, калыптанган саясатчымын. Өз саясий көз караштарымды дайыма ачык, калыс айтып келгем. Мен мыйзамды ашкере сыйлайм жана сактайм. Өз күчтөрүн мыйзамсыз көрсөтөм дегендерге мен жакшы бута окшойм да.
Азыркы президенттин башкаруусу учурунда камакка алындыңыз. Анын режимине таарынычыңыз жокпу? Сизди камакка алардан мурда мамлекет башчысы менен кеңешиштиби, кандай ойлойсуз?
Саясатта «таарыныч» деген түшүнүк жок. Учурдагы президент менен менин ортомдо эч кандай түшүнбөстүк болгон да эмес, болбойт дагы. Менимче, менин камалганым тууралуу ага кийин маалымат беришкен. Мен эми өлкөдө таанымал эле кишимин да. Мен мамлекет башчы менен көп жылдардан бери таанышмын, саясий көз караштагы айрым пикир келишпестиктер болсо да дайыма бири-бирибизге сый мамиле кылчубуз.
СИЗОдо отурган башка саясатчылар менен көрүштүңүзбү? Мурдагы президент же премьер-министр менен?
СИЗОдо башка камалгандар менен жолугушуу туурасында сөз да болушу мүмкүн эмес. Бул жакта тартип темирден бекем.
Камактагы саясатчы берген маектин биринчи бөлүгүн шилтеме аркылуу өтүп, окусаңыздар болот.
Зулайка Эркимбаева
Фото www