Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Чыдам кетип баратат. Милиция кызматкерлеринде эле эмес. Дарыгерлер, аскер кызматкерлери…»

Аскердик пенсионер иш таштоого даярданган милиция кызматкерлерин түшүнсө болот дейт

Өзгөчө абал режими учурунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлерине кошумча төлөмдөр дагы деле бериле элек. Алардын нааразычылыгын, албетте түшүнсө болот, деп эсептейт аскердик пенсионер, отставкадагы полковник Анвар Сартаев.
- Протест катары алар иш таштоого даярданышкан деген маалымат түшкөн, - деп тактады ал. - Арийне, алар тараптан бул мыйзам бузуу болуп калмак. Бирок, өкмөт өзү мыйзамды бузуп жаткан шартта алар  мындай чарага барууга аргасыз болушууда.

14-июнда чынында эле бойкот даярдалып жатат деген сөздөр тарады. Kaktus.media агенттиги Өзгөчө абал режими учурунда кызмат өтөгөндөргө кошумча төлөмдөр таптакыр эле берилбейт экен деп шектенген аймактык милиция кызматкерлери 15-июнда жумушка чыкпай коелук дешкенин жазган.

Бишкек ШИИБ басылманын маалыматы чындыкка дал келбей турганын жазып, ал эми кошумча төлөмдөр маселеси ИИМнин көзөмөлүндө экенин белгиледи. Иш таштоо орун алган жок.
- Мен мартта эле коронавируска каршы күрөшкө делген акчаны бөлүштүрүп алышат деп айткам, - деп баш чайкады Сартаев. - Иш таштоо болбой калганы түшүнүктүү. Жетекчилик басып койду. Бирок, алар мынтип биринчи эле жолу алдашкан жок да, кеп ошондо. Чыдам кетип баратат. Милиция кызматкерлеринде эле эмес. Дарыгерлер, аскер кызматкерлери…

Белгилей кетсек, кечээ КРнын ИИМи өзгөчө абал режими учурунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлерине кошумча төлөмдөрдү төлөп берүү үчүн жакынкы аралыкта кошумча каражат бөлүнөрүн ишенимдүү билдиришкен.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх