Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн ЖКда Кубатбек Бороновдун премьер-министрликке талапкерлиги каралат

Парламентте ал 2-3 ай туруктуу иштеп бере алат деп эсептешет

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына парламенттин депутаты Таабалды Тиллаев билдирди.

- Бул маселе бүгүн көпчүлүк коалициясынын жыйынында каралат, - деди ал. - Азыр ал кандайдыр-бир маанилүү өзгөртүүлөрдү киргизип же ийгиликтерге жетише албайт, анткени, коронавирус пандемиясы болуп жатпайбы. Экономикалык абал абдан оор. Бирок, бизде азыркы абалды сактап калуу мүмкүндүгү бар, анткени ал, учурдагы биринчи вице-премьер-министр жана буга чейин эле экономикалык секторду көзөмөлдөп келген. Боронов эки-үч ай туруктуу иштеп бере алат.

Тиллаев 2020-жылы өтө турган Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өкмөттүн жаңы курамы түзүлөрүн эске салды.

- Алдыда парламенттик шайлоолор, андан кийин жаңы парламент куралып, ошондо балким өлкөдө өзгөрүүлөр болот, - деди ал.

Башка депутат Дастан Бекешев дагы парламенттик шайлоодон кийин жаңы премьер-министр дайындалат деген пикирде.

- Боронов абдан такшалган, тартиптүү, ал учурдагы эң мыкты талапкер, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Анын азыркы милдети - коронавирус менен ооругандардын санын азайтып, шайлоону өткөрүп, социалдык - экономикалык көйгөйлөргө карабай өлкөдөгү туруктуулукту сактоо.

Эске салсак, кечээ премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өз каалоосу менен отставкага кеткен.

Өлкө башчысы анын арызын бүгүн кабыл алды.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх